33...Бөлүм.
Автор; И. Акпарова
Сырттан кирип келген Медерге анын телефонуна белгисиз номерден конгуроо тушконун айттым.
Ким болду экен?-- деп Медер кабагын чытып телефонго карап бир аз ойлуу туруп калды.
Мен да ким конгуроо кылышы мумкун ?-- белгисиз номерден деп кызыга туштум.
Ал менин карап турганымды билип,мындай конгуроолор коп келет сыртта жургон туугандардан болушу мумкун деп анча мага сездирбегени менен оз ичинде кыжаалат боло тушкону байкалды.
Ал куну келип жаткан конгуроолорго Медер сыртка чыгып алып жооп бербестен басып койуп жатканын сезип жаттым.
Анын мындай кылганына тан калып, койчу !-- киришпей эле койоюн, жумушундагы иштер менен суйлошуп жаткандыр деп, мен да балдар менен болуп унутуп калдым.
Ошентип биздин чакан уй-булолук турмушубуз Медердин жылуу камкордугуна болонуп ойдогудай отуп жатты.
Мындай бакытка кудайга чексиз ыраазы болуп,жаратканга шугурчулук келтирдим.
Кайнатам менен кайненем да неберлерин жыттап,аларга байланып калышты.
Эгиздер бар учун уйум кулкуго толуп,озумдун бактысыз сезип жургон кундорумду унутта калтырдым.
Эрте менен туруп экоо тен биринчи келип, кучактап бир эркелешип алып анан ойноп калышат.
Буларсыз кантип жашап журдум экен,биринчи кундору алардан жуз уйургонумду эстеп озумду ичтен жемелеп алам.
Эгиздер кун санап козго жакын жагымдуу болуп, татынакай болуп чонойуп жатышты.
Бир куну эмнегедир туну копко чейин уктай албай чыктым, эми козум уйкуга илинип кетсе, Нурзат менер Элзатты жоготуп жиберип чоочуп ойгонуп жаттым.
Бир топко чейин ойдолоктоп уктай албай денемди муздак тер басып кыйналып чыктым.
Медер менин кыйналып жатканымды сездиби?
Нурай!-- уктай албай
жатасынбы?--- деп сурады.
Мен аны уйкудан калтырбайын деп, баары жакшы жон эле ысып кеттим окшойт деп, ага билдирбешке аракет кылдым.
Уктай бер менин Айперим, мен жанындамын деди,ошенткенде гана озумо келип Медерди бек кучактап жатып калдым, бирок журогум дукулдоп тынчтык бербей койду.
Озумду жаман сезип, копко чейин уктай албай жатып бир топтон кийин уктап кеттим.
Эртеси куну эрте менен туруп уйдогулорго танкы тамакты аран даярдадым.
Алым кетип башым ооруп жатты.
Туну жакшы уктай албай кыйналганыма озумду жаман сездим.
Чон чыныга сууду алып сыртка чыктым да озумду суу менен учуктадым.
Катуу чочуган окшоймун оозумдун айланасын учук которуп чыгыптыр.
Ошол куну кечке эмнегедир журогум уйгу -туйгу болуп кыйналып журдум.
Медер акыркы эки кундо козу ичине кирип,чарчап калганын сездим.
Эмне болду?---- деген созумо баары жакшы жон гана жумуштан чарчадым деп жооп берип койду.
Балдар жаз келгенине сыртта коп ойноп,кийимдерин бат кирдете бергенине, аларга кийим алып келууну чечип, балдарды энеме таштап дуконго жонодум.
Копко кыдырып аларга керектуу кийимдерди алып, журуп кун кечтей тушуптур.
Уйго кеткенге шашып такси чакырдым, балдарга деген
бир сумка кийимди которуп эшиктен аран кирсем эгиздер корунбойт,уй жымжырт эмнеге баары тынч,уйго киришип кетиптир деп сырттан уйго кирдим.
Эшикте чечилген Медердин бут кийими туруптур,жумуштан келип калыптыр деп,энкейип бут кийимимди чечип жатып,ашканадан энем менен Медердин суйлошуп жатканын угуп калдым.
Энем жини келип калган окшойт уну бийик чыгып,катуу суйлоп жатыптыр.
Сенин балдарын болгондон кийин сага окшош да, аны жок кыл нары, коргозо корбо балдарды деген энемдин суйлоп жаткан уну кулагыма шак дей тушту.
Ал созду угуп тулку боюмду ток ургандай дурт этип кетти.
Мен суйгон,мен асыраган,мен куткон Медер эмес,ону башка тусу башка,озу башка Медерди элестетип кеттим.
Буткул денем титиреп,демим кыстыгып аба жетишбей тамагым кургап,денемден муздак тер чыгып кетти.
Башым зынк этип, козум карангылашып, кокурогум ачышып, азап чеккен журогум тилинип кетти да,
Мед--е--ер ! деген ачуу кыйкырык оозумдан чыгып кетти.
Уландысы бар.
И.Акпарова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 27