(Мигранттын сүйүүсү).
Мектепти жаңы аяктап жаткан Үмүтайдын, жогорку окуу жайга тапшырганы мүмкүнчүлүгү жок болсо да, бирок келечекте жогорку окуу жайын аяктайм деген аруу тилеги бар болчу.
2004 жыл май айында коңшусу Акжол байке келинчеги менен Москвадан айылга барышты, жакшы иштеп барыптыр, мал жан сатып алды, чегине фундамент куйдурду, б.а айтканда акча таап келгени көрүнүп эле турду.
Үмүтай болсо мына мына мектебин айактар жаткан учур, бир күнү кечинде айылдын баш тарабында жашаган Эргешбай кемпирин эрчитип, бапылдаган Бердибай баш кылып Үмүтайлардын үйүн көздөй келе жатканын Үмүтай байкап, ары жакта кашка малды саап жаткан апасы Берметке кыйкырды апа апаке тиги Эргешбай авамдар келе жатат.
Келиңиздер келиңиздер деп жылмаңдаган Бермет жеңе колундагы чакасын (челегин) жерге койо салып, Эргешбайдын кемпири Маасыкан эне менен кол алыша өбүшүп конокторду үйгө кириңиздер кол булгалады.
Үйгө кирген коноктор чай үстүндө кеп баштады, эми Бермет кызың Үмүтай жалгыз кыз, макул десең өзүңө жакын кылып мообул Эргешбайдын уулу Насипбекге эле келин кылып алып калсак, кыз бала энесинин жанында болгону жакшы, жакшы кыз өздөн артпайт, кызың акыл эстүү зирек кыз деп сөз баштады ар дайымкыдай бакылдаган Бердибай ак сакал.....ага сөз кошо Маасыкан эне сөз кошту, ээси келсе бээсин бер дейт сиңдим, экөөбүз бир элдин бир жердин кызыбыз, макул десең кызыңы келин эмес кыз кылып алайын деп суроолу карады Бермет жеңени Маасыкан эне.
Коңшу бөлмөдө олтурган Үмүтай эшикти тарс ачып апасынан мурун жообун берди, жок Эргешбай ава мен азыр турмушка чыга албайм, өзүңүз билесиз мен үй бүлөдө эң улуусумун, мага чейнки ата-энемин үч наристеси турбай калганын да билесиздер, артымдагы үч иними окутушум керек, апама колуна кол болуп үч төрт жыл жардам берейн а анан көрө жатаарбыз деп, жообун да укпай сыртка чыгып кетти.....
Бермет жеңе акырын түшүндүрдү, урматтуу ак сакалдар мени туура түшүнгүлө, кыз каршы болсо мен эмне демек элем, аны үстүнө атасы Султандын көзү өткөнүнө араң жыл өтсө, байкуш кызыма кичине эртереек го, бул жагы тагдыр балким сизге келин болуп бараар деп, акырын конокторду жолго салды.
Эртеси күнү коңшусу Акжол Бермет жеңенин үйүнө баш бакты, аздыр көптүр шириндиктерден ала келген Акжол, Үмүтайдын инилерине да ала кирген болчу. Акжол жеңеси менен көөпкө чейн өткөн кеткенди кобурашып олтурду, ал арада раматылык Суке (Султан) агасын эстеп бир сыйра ыйлап да алышты.
Бермет жеңе Үмүтайды мага бериңиз, өзүм менен кошо ала кетейн Москөүгө, барып балдарымы каралашсын, аздыр көптүр айлыгын төлөйм, кийндирем ичиндирем, колдон келсе бир эки саатка пол жууганы (уборкага) жумуш да таап беребиз Айжамал экөөбүз деп суроолу карады?
Макул Акжол мен сүйлөшүп көрөйүн, анан бир жообун айтам деп узатты Бермет жеңе.
Акжол байкесинин сунушун уккан Үмүтай абдан сүйүндү, себебеби Москва десе башкача угулган кулагына, жаркыраган шаар, эч бир курдашы кийбеген киймдер, шаардын жарык кечтери и койчу балалыктагы ар бир жаш наристенин көз алдына элестетчүү шаардын сулуулугун Үмүтай да элестетти.
Ошентип 2004 жылдын жай мезгилинин башында, Үмүтай коңшу байкеси жана жеңеси болуп көз жашка ишенбеген Москвага карай бет алышты.
Акжол келинчеги жана эки баласына билет алып, Өзү Үмүтай экөө зайчик болуп жолго чыгышты, дүгүдүк дүгүдүк деген поезд акырын Казак чөлдөрүн аралап келе жатты, ар станцияда алма өрүк, коон дарбыз саткан Казактар, милиция формасын кийген бандиттер, баары аралаш......эй баурым деп Акжолду ао жака тартат бул жака тартат, жолдо жооп берем деген проводник Кубан байкеден кабар жок....
Жол алыстаган сайын Үмүтайдын үйүнө болгон сагынычы күч алды, эмне болгон күндө да жаш кызда, кееде ыйлагысы келсе, кееде айланасындагы бака шаканы көрүп унутуп калат, бирөөлөр ала сумканы түшүрүп жаткан а кее бирлери үчтөн төрттөн джинсы шымдарды кийп жатканын көргөн Үмүтай эч нерсеге түшүнбөй бара жатты.
(Уландысы бар)
Автор: Ысманов Чыңгыз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7