Бир келин төрөтканадан чыгат.Аны көргөнү келген досу сөз ортосунда күйөөсү ага эмне белек кылгандыгын сурап калат.
Келин: - Эчтеке белек кылган жок .
Досу: - Ой-ий,кандайча...Ушулбу сенин кадыр - баркың? - деп,келиндин жашоосуна бомбаны таштайт да кетет.
Ошондон тарта жумуштан чарчап келген күйөө менен жубайынын ортосунда жаңжал көбөйөт. Болбогон нерседен экөө урушуп-чырдаша турган болот.
Ар бир сөзүндө өзүнүн кадырын,баасын ортого сала берген келинди акыры күйөөсү кетирип тынат. Көйгөй эмнеден башталды эле өзү, байкадыңызбы?
Келиндин досунун бир ооз сөзүнөн.
* * *
Эки дос жолугушуп калат. Бири экинчисинен сурайт:
- Каерде иштеп жатасың?
- Супер маркетте.
- Айлыгың канча?
- Он миң сом.
- Болгону он миң сомбу? Андай акчага кантип жашайсың? Алган айлыгың мээнетиңди актабайт экен - деп досун айнытты. Досу кожоюнга барып, айлыгын көбөйтүүсүн талап кылат.Кожоюн болсо баш тартат.
Досунун бир ооз сөзүн уга электе тынч гана иштеп жүргөн жигит ,ошентип жумушсуз калат.
* * *
Карыя эс алып,үйүндө жаткан. Алдына кошунасы келип: " Эмне үчүн уулуң сенден келип кабар албайт? Ишим көп дегенине ишенесиңби?! - деп жарасын тырмайт.
Бир ооз сөз атанын жүрөгүн курттай жейт. Анын көңүлүн уулуна болгон нааразылык ээлеп алат.
Мына,бир ооз сөздүн кесепети...
👆Сүйлөп жаткан сөзүбүздү таразага салып, жамбаштап жатып сүйлөсөк да, оюбузду түзөп түз сүйлөсөк бирөөнүн турмушуна зыяныбыз тийбейт. Анткени, сөздөр - куду ачкыч сыяктуу.Сөзду туура колдоно билсең бирөөнүн оозун жабасың, же жүрөгүн ачасың.
Ак ниет менен жакшы сөздөрдү сүйлөгөнгө аракет кылыңыз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2