Мен бул мыйзамдын кабыл алынышын каалабайм, каршымын. Ток баланын ач бала менен иши жок дегендей депутаттардын кыздарына эмне алар престижный окуу жайды окушат, бүтсө атасынын тааныштары же акчасы менен иш орун даяр, ата кадыры менен кыз өтөт болуп дунгуротуп тойду жасап күйөөгө тийип койкойуп машинада жүрөт...
Ал эми карапайым колунда жок бирөөнүн кызы 18 ге чыгып мектепти бүттү дейли, окууга тапшырайын десе шарты жок, чет өлкөгө барып бир эки жыл иштеп акча топтоп келип анан тапшырайын десе чек арадан чыга албайт мыйзам жол бербейт, анан эмне кылат байкуш?!... Күйөөгө тийейин десе илгеркидей алып качып кетсе эле турмушка чыгып калчу заман эмес, азыр балдар той менен үйлөнүп кыздар той менен сойко салдырып сеп берилип күйөөгө тийип жаткан заман.. Той өткөрүп сеп бериш үчүн жок дегенде 500 - 600 миң сом акча керек.... "Күйөө бала тарап калың берет го ал акчачы" - деп суроочулар четтен чыгат, бала тарап калынга деп 200 - 300 миң с берет да анын ичинде кыз тойдуку кошо деп коюшат, ал акчага бир жылкы 2 кой, бир эчки, муздаткыч, кир жуугуч машина алгандан кийин эле тугонот... Спальный гарнитур, килем, заневеска, кийим - кече, көрпө - төшөк, духовка, идиш - аяк ырастаганы эле жарым миллион керектелет аны кыздын ата энеси байкуш ыйлап сыктап карыз коола болуп, тууган уругунан топтоп жүрүп таап кызын бериш керек болот....
Мисалы кыздын ата - энеси Россияда иштеп жүрөт, окуусун бүтүп ата энесинин жанына барыш керек дейли бирок мыйзам боюнча жаштык кылат да чек арадан өткөрбөйт, анда эмне болот?!....
8 - 9 баласы бар эптеп нан таап жеген бүлөлөр бар, алардын улуусу кыз болсо эмне болот, же окууга тапшыра албай же себи тойго акчасы жок турмушка чыга албай же чет жакка барып иштеп оз жашоосун тындай албай бечера айылда жүрө берип чунчуп кетпейби?!... Медреселер чакырат бекер окутабыз тамак ашы бекер дешип, эмне кылуу айласын таппай жүргөн кыз азгырылып, жоктон көрө жогору эч болбоду дегенде медресени бүттү деп дипломдуу болойун деп медреседе окуп баштайт, аны бүткүчө жаш кыздын башын айландырып динге фанат кылып, экинчи үчүнчү болуп тийгени даярдап ороп чулгап чыгарышат...
Ал жагын ойлогон эч ким жок!
Канча кыздарыбыз чет өлкөдө тыкылдап иштеп өзүнүн жеке жашоосун тындап, ата энеси, кичүү ини синдилеринин келечегине кам көрүп жатышат, ал тургай ата - энесине бакыйтып там салып берип, атасына унаа мингизгендер бар. "Ата энеси өздөрү иштебейби" дешиниздер мүмкүн, а балким жаштыгында иштеп балдарын багып чонойтуп жашы өтүп оор жумушка жарабай оорукчан болуп калсачы, анда кандай болот?!...
"Кокуй чет өлкөгө барып бузулуп кетип жатат кыздарыбыз" дегендерге жооп : ыйман ынсабы жок болсо КР жүрүп деле жаман жолго түшүп кеткендер толтура, Кулиева кочосундогулорчу, мостун түбүндө турган кыздарчы?....
Чет өлкөдө иштеп жүрүп да тыпыйып ишке барып кайра келип, тескери баспай сопсонун иштеп жүргөн кыздарыбыз бар, бир эки жаман кыздын айынан бардык кыздарды жаман аттуу кылбагыла, келечегине балта чаппагыла!
Кыргызстанга завод фабрикаларды куруп жумуш ордун түзүп коюп туруп ошол мыйзамынарды кабыл алсанар бир аз жарашмак!
САРА Камалова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7