46-АХКАФ¹ сүрөсү («Аль-Ахкаф», Кум дөбөлөр)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
46:1
حم
Ха-Мим
Ха. Мим².
46:2
تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ
Танзилул-Китаби мина-ЛЛахил-’азизил-Хаким
Китептин түшүүсү – Ызааттуу, Даанышман Аллахтан.
46:3
مَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ وَأَجَلٍ مُّسَمًّى وَالَّذِينَ كَفَرُوا عَمَّا أُنذِرُوا مُعْرِضُونَ
Ма халакнас-самауати уал-арда уа ма байнахума илла бил-хакки уа ажалим-мусамма; уаллазина кафару ’амма унзиру му’-ридун
Биз асмандар менен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды чындык, белгиленген мөөнөт менен жараттык. А каапырлар болсо өздөрүнө эскертилген нерселерден жүз буруучулар.
46:4
قُلْ أَرَأَيْتُم مَّا تَدْعُونَ مِن دُونِ اللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُوا مِنَ الْأَرْضِ أَمْ لَهُمْ شِرْكٌ فِي السَّمَاوَاتِ اِئْتُونِي بِكِتَابٍ مِّن قَبْلِ هَذَا أَوْ أَثَارَةٍ مِّنْ عِلْمٍ إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ
Кул ара-айтум-ма тад-’уна мин-дуни-ЛЛахи аруни ма-за халаку минал-арды ам лахум ширкун-фис-сама-уат? Итуни би-Китабим-минкабли хаза ау асаратим-мин ’илмин ин-кунтум-садикин
(Аларга) айт: «Аллахтан башка таанып жатканыңардын³ кандай экенинен кабар бергилечи? Алар (кудайыңар) жер үстүндө эмнелерди жараткандыгын, же болбосо алар да асмандарды жаратууда үлүшү барбы, көргөзгүлөчү. Эгер силер чындыкты айтып жатсаңар, анда мындан⁴ мурунку китепти, же эң жок дегенде – илимдин⁵ кичинекей бир бөлүкчөсүн келтиргилечи?!»
46:5
وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّن يَدْعُو مِن دُونِ اللَّهِ مَن لَّا يَسْتَجِيبُ لَهُ إِلَى يَومِ الْقِيَامَةِ وَهُمْ عَن دُعَائِهِمْ غَافِلُونَ
Уа ман адаллу миммай-йад-’у мин-дуни-ЛЛахи мал-ла йастажибу лаху ила Йаумил-Кийамати уа хум ’ан ду-’а-ихим гафилун
Кыямат күнү кабыл алынбай турган нерселерге Аллахты таштап сыйынган адамдардан да көбүрөөк адашкан адам барбы? Алар⁶ сыйынгандардын дубасынан кабарсыз.
46:6
وَإِذَا حُشِرَ النَّاسُ كَانُوا لَهُمْ أَعْدَاء وَكَانُوا بِعِبَادَتِهِمْ كَافِرِينَ
Уа иза хуширан-насу кану лахум а’-да-ау-уа кану би-’ибадатихим кафирин
А качан элдер чогулган кезде⁷ алар⁸ сыйынгандарга душман болуп чыга келет. Алардын сыйынууларын танышат.
46:7
وَإِذَا تُتْلَى عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءهُمْ هَذَا سِحْرٌ مُّبِينٌ
Уа иза тутла ’алай-хим Айатуна Баййинати калаллазина кафару лил-Хакки ламма жа-ахум хаза сихрум-мубин
Качан аларга Биздин аяттарыбыз окулган кезде, каапырлар өздөрүнө келген акыйкат тууралуу: «Бул анык сыйкыр!» - дешет.
46:8
أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ إِنِ افْتَرَيْتُهُ فَلَا تَمْلِكُونَ لِي مِنَ اللَّهِ شَيْئًا هُوَ أَعْلَمُ بِمَا تُفِيضُونَ فِيهِ كَفَى بِهِ شَهِيدًا بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ وَهُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
Ам йакулунаф-тарах? Кул иниф-тарайтуху фала там-ликуна ли мина-ЛЛахи шай-а. Хууа а’-ламу бима туфи-дуна фих! Кафа бихи Шахидам-байни уа байнакум! Уа Хууал-Гафурур-Рахим
Же: «Ал аны⁹ ойлоп чыгарган» - дешет. (Аларга) айт: «Эгер мен аны ойлоп чыгарган болсом, анда силер мени Аллахтын азабынын азыраак нерсесин да коргой албас элеңер. Ал силер сүйлөп жаткан нерсе¹⁰ тууралуу жакшы билет. Ал мени менен силердин ортобузда жетиштүү күбө. Ал¹¹ – Кечиримдүү, Боорукер».
46:9
قُلْ مَا كُنتُ بِدْعًا مِّنْ الرُّسُلِ وَمَا أَدْرِي مَا يُفْعَلُ بِي وَلَا بِكُمْ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَى إِلَيَّ وَمَا أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ مُّبِينٌ
Кул ма кунту бид-’ам-минар-русули уа ма адри ма йуф-’алу би уа ла бикум. Ин аттаби-’у илла ма йу-ха илаййа уа ма ана илла Назирум-мубин
Айт: «Мен биринчи келген пайгамбарлардан болгон эмесмин жана өзүмө эмне болорун да, силерге эмне болорун да билбеймин. Мен өзүмө кабарланган нерсени гана ээрчиймин жана мен болгону ачык эскертүүчүмүн».
46:10
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِن كَانَ مِنْ عِندِ اللَّهِ وَكَفَرْتُم بِهِ وَشَهِدَ شَاهِدٌ مِّن بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى مِثْلِهِ فَآمَنَ وَاسْتَكْبَرْتُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Кул ара-айтум ин-кана мин ’инди-ЛЛахи уа кафартум-бихи уа шахида шахидум-мим-Бани-Исра-ила ’ала мислихи фа-амана уастакбар-тум? Инна-ЛЛаха ла йахдил-каумаз-залимин
Айт: «Силер Куран Аллах тарабынан түшүрүлгөнүнө ишенбей жатасыңар, ал эми Исраил урпактарынын ичинен чыккан бирөө буга ишенип жатса эмне болооорун¹² айткылачы? Ал ага ишенди, а силер текебердене четке кагасыңар. Акыйкатта, Аллах адашкан коомду Туура жолго салбайт».
Уландысы:
Дискте: https://yadi.sk/i/UJx5GCmn76hgJg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев