43-ЗУХРУФ¹ сүрөсү («Аз-Зухруф», Кооздук)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
43:1
حم
Ха Мим.
Ха, Мим².
43:2
وَالْكِتَابِ الْمُبِينِ
Уаль-Китабиль-Мубиин.
Анык Китепке ант!
43:3
إِنَّا جَعَلْنَاهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لَّعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Инна Джа`альнаху Кур`анаан `Арабийаан Ля`аллякум Та`килююн.
Чындыгында, түшүнүүңөр үчүн аны арабча Куран кылдык.
43:4
وَإِنَّهُ فِي أُمِّ الْكِتَابِ لَدَيْنَا لَعَلِيٌّ حَكِيمٌ
Уа Иннаху Фи Уммиль-Китаби Лядайна Ля`алийун Хакиим.
Албетте, ал Биздин алдыбыздагы Китептердин Энесинде³ эң бийик жана даанышман (даражада турат).
43:5
أَفَنَضْرِبُ عَنكُمُ الذِّكْرَ صَفْحًا أَن كُنتُمْ قَوْمًا مُّسْرِفِينَ
Афанадрибу `Анкумуз-Зикра Сафхаан Ан Кунтум Каумаан Мусрифиин.
Силерди чектен ашкан эл экен деп, эскертмени⁴ кармап туралыбы⁵?
43:6
وَكَمْ أَرْسَلْنَا مِن نَّبِيٍّ فِي الْأَوَّلِينَ
Уа Кам Арсальна Мин Набийин Филь-Аввалиин.
Мурункуларга канчалаган пайгамбарларды жибергенбиз.
43:7
وَمَا يَأْتِيهِم مِّن نَّبِيٍّ إِلَّا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِؤُون
Уа Ма Йа`тихим Мин Набийин Илля Кяню Бихи Йастахзи`уун.
Алар өздөрүнө келген пайгамбарды такай келеке кылышкан.
43:8
فَأَهْلَكْنَا أَشَدَّ مِنْهُم بَطْشًا وَمَضَى مَثَلُ الْأَوَّلِينَ
Фа`ахлякна Ашадда Минхум Батшаан Уа Мада Масалюль-Аввалиин.
Ошентип, алардын күчтүүрөктөрүн да жок кылдык. Мурункулардын мисалы өттү⁶.
43:9
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ لَيَقُولُنَّ خَلَقَهُنَّ الْعَزِيزُ الْعَلِيمُ
Уа Ляин Са`альтахум Ман Халякас-Самауати Уаль-Арда Ляйакулюнна Халякахунналь-`Азизуль-`Алиим.
(Эй, Мухаммед!) Эгер алардан: «Асмандар менен жерди ким жаратты?» - деп сурасаң, албетте, алар: «Аларды Ызааттуу, Билүүчү (Аллах) жаратты», - дешет.
43:10
الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ مَهْدًا وَجَعَلَ لَكُمْ فِيهَا سُبُلًا لَّعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ
Аль-Лязи Джа`аля Лякумуль-Арда Махдаан Уа Джа`аля Лякум Фиха Субулян Ля`аллякум Тахтадуун.
Аллах силерге жерди бешик кылып, туура жүрүүңөр үчүн жолдорду жаратты.
Уландысы:
Дискте: https://yadi.sk/i/AplrzOxHbJvYOA
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев