39-ЗУМАР¹ сүрөсү («Аз-Зумар», Топтошкон элдер)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
39:1
تَنزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ
Танзилюль-Китаби МинаЛлахиль-`Азизуль-Хакиим.
Бул Китептин² түшүрүлүшү — Ызааттуу³, Даанышман Аллахтан.
39:2
إِنَّا أَنزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ فَاعْبُدِ اللَّهَ مُخْلِصًا لَّهُ الدِّينَ
Инна Анзальна Иляйкаль-Китаба Биль-Хаккы Фа`будиЛлаха Мухлисаан Ляхуд-Диин.
(Эй, Мухаммед!) Акыйкатта, сага бул Китепти чындык менен түшүрдүк. Эми динде⁴ Аллахка гана берилип, ибадат кыл⁵.
39:3
أَلَا لِلَّهِ الدِّينُ الْخَالِصُ وَالَّذِينَ اتَّخَذُوا مِن دُونِهِ أَوْلِيَاء مَا نَعْبُدُهُمْ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَا إِلَى اللَّهِ زُلْفَى إِنَّ اللَّهَ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ فِي مَا هُمْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي مَنْ هُوَ كَاذِبٌ كَفَّارٌ
Аля Лилляхид-Динуль-Халису Уаль-Лязинаттахазу Мин Дунихи Аулийа`а Ма На`будухум Илля Лийукаррибуна ИляЛлахи Зульфа ИннаЛлаха Йахкуму Байнахум Фи Ма Хум Фихи Йахталифуна ИннаЛлаха Ля Йахди Ман Хуа Казибун Каффаар.
Көңүл бөлгүлө! Дин Аллахка гана таандык. Аллахтан башканы кудай туткандар: «Бизди Аллахка жакындаштырсын деп гана аларга сыйынабыз» (дешет). Алардын ортолорунда талашкан нерселер тууралуу Аллах, албетте, Өз өкүмүн чыгарат. Чындыгында, жалган айтуучуну⁶, каапырлык кылганды Аллах Туура жолго салбайт.
39:4
لَوْ أَرَادَ اللَّهُ أَنْ يَتَّخِذَ وَلَدًا لَّاصْطَفَى مِمَّا يَخْلُقُ مَا يَشَاء سُبْحَانَهُ هُوَ اللَّهُ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ
Ляу АрадаЛлаху Ан Йаттахиза Уалядаан Лястафа Мимма Йахлюку Ма Йашаа Субханаху ХуаЛлахуль-Вахидуль-Каххаар.
Эгер Аллах балага ээ болууну кааласа, Өзү жараткандардын ичинен каалаганын тандап алмак. Ал андан аруу! Аллах – Жалгыз, Каардуу.
39:5
خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ يُكَوِّرُ اللَّيْلَ عَلَى النَّهَارِ وَيُكَوِّرُ النَّهَارَ عَلَى اللَّيْلِ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى أَلَا هُوَ الْعَزِيزُ الْغَفَّارُ
Халякас-Самауати Уаль-Арда Биль-Хаккы Йукаввируль-Ляйля `Алян-Нахари Уа Йукаввирун-Нахара `Аляль-Ляйли Уа Саххараш-Шамса Уаль-Камара Куллюн Йаджри Ли`джалин Мусамман Аля Хуаль-`Азизуль-Гаффаар.
(Аллах) Асмандарды жана жерди чындык менен жаратты. Түндү күндүзгө айландырды, күндүздү түнгө айландырды жана Күн менен Айды Өзүнө багынтып койду. Баары бир белгилүү мөөнөткө чейин жүрүп турушат. Ал – Ызааттуу, Кечиримдүү.
39:6
خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍ وَاحِدَةٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَأَنزَلَ لَكُم مِّنْ الْأَنْعَامِ ثَمَانِيَةَ أَزْوَاجٍ يَخْلُقُكُمْ فِي بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ خَلْقًا مِن بَعْدِ خَلْقٍ فِي ظُلُمَاتٍ ثَلَاثٍ ذَلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ الْمُلْكُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ فَأَنَّى تُصْرَفُونَ
Халякакум Мин Нафсин Уахидатин Сумма Джа`аля Минха Зауджаха Уа Анзаля Лякум Миналь-Ан`ам Саманийата Азваджин Йахлюкукум Фи Бутуни Уммахатикум Халькаан Мин Ба`ди Халькин Фи Зулюматин Салясин ЗаликумуЛлаху Раббукум Ляхуль-Мульку Ля Иляхя Илля Хуа Фа`анна Тусрафуун.
Аллах силерди бир адамдан таратты. Андан⁷ жубайын жаратты. Силер үчүн малдардан сегиз жубун⁸ түшүрдү. Ошондой эле силерди энеңердин ичиндеги үч⁹ караңгылыкта бир жаратыштан¹⁰ кийин, дагы бир жаратышта жаратты¹¹. Мына ушундай кылган – Эгеңер Аллах. Өкүмдарлык – Ага гана таандык. Андан башка Кудай жок. Кайда бурулуп кетесиңер!
39:7
إِن تَكْفُرُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ عَنكُمْ وَلَا يَرْضَى لِعِبَادِهِ الْكُفْرَ وَإِن تَشْكُرُوا يَرْضَهُ لَكُمْ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَى ثُمَّ إِلَى رَبِّكُم مَّرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Ин Такфуру Фа`иннаЛлаха Ганийун `Анкум Уа Ля Йарда Ли`ибадихиль-Куфра Уа Ин Ташкуру Йардаху Лякум Уа Ля Тазиру Уазиратун Уизра Ухра Сумма Иля Раббикум Марджи`укум Файунабби`укум Бима Кунтум Та`малюна Иннаху `Алимун Бизатис-Судуур.
Эгер каапырлык кылсаңар, анда Аллах силерге эч муктаж эмес. (Ал) Пенделеринин каапырлыгына ыраазы эмес. Эгер (Аллахка) шүгүр кылсаңар, (Ал) силерге ыраазы болот. Эч бир күнөөкөр башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Кийин, кайтып келер жагыңар – Эгеңер тарап. Ошондо силерге (бул дүйнөдө) жасаган иштериңерден кабар берет. Анткени, Аллах – жүрөктөрдү Билүүчү.
39:8
وَإِذَا مَسَّ الْإِنسَانَ ضُرٌّ دَعَا رَبَّهُ مُنِيبًا إِلَيْهِ ثُمَّ إِذَا خَوَّلَهُ نِعْمَةً مِّنْهُ نَسِيَ مَا كَانَ يَدْعُو إِلَيْهِ مِن قَبْلُ وَجَعَلَ لِلَّهِ أَندَادًا لِّيُضِلَّ عَن سَبِيلِهِ قُلْ تَمَتَّعْ بِكُفْرِكَ قَلِيلًا إِنَّكَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ
Уа Иза Массаль-Инсана Дуррун Да`а Раббаху Мунибаан Иляйхи Сумма Иза Хавваляху Ни`матан Минху Насийа Ма Кана Йад`у Иляйхи Мин Каблю Уа Джа`аля Лилляхи Андадаан Лийудилля Ан Сабилихи Куль Таматта` Бикуфрика Калилян Иннака Мин Асхабин-Наар.
Инсанга кыйынчылык келсе, Эгесине кайткан абалда жалбарат. Анан Аллах ага жакшылык берсе, мурун Ага жалбарганын унутат да, (башкаларды) Анын жолунан адаштыруу үчүн Аллахка шерик кошот¹². (Эй, Мухаммед!) Ага¹³: «Каапырлыгың менен бир аз ырахаттанып тура тур. Албетте, сен Тозок ээлериненсиң¹⁴», - деп айт.
39:9
أَمَّنْ هُوَ قَانِتٌ آنَاء اللَّيْلِ سَاجِدًا وَقَائِمًا يَحْذَرُ الْآخِرَةَ وَيَرْجُو رَحْمَةَ رَبِّهِ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُوْلُوا الْأَلْبَابِ
Амман Хуа Канитун Ана`аль-Ляйли Саджидаан Уа Ка`имаан Йахзаруль-Ахирата Уа Йарджу Рахмата Раббихи Куль Халь Йаставиль-Лязина Йа`лямуна Уаль-Лязина Ля Йа`лямуна Иннама Йатазаккару Улюль-Альбааб.
Ал¹⁵ – (Аллахка) моюн сунуп, түн ичинде сежде кылган жана тик турган абалда (намаз окуп), акыреттен¹⁶ коркуп, Эгесинин ырайымынан үмүт кылган адам сыяктуу боло алмак беле? (Эй, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» - деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат.
39:10
قُلْ يَا عِبَادِ الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا رَبَّكُمْ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا فِي هَذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةٌ وَأَرْضُ اللَّهِ وَاسِعَةٌ إِنَّمَا يُوَفَّى الصَّابِرُونَ أَجْرَهُم بِغَيْرِ حِسَابٍ
Куль Йа `Ибадиль-Лязина Амануттаку Раббакум Лиллязина Ахсану Фи Хазихид-Дунья Хасанатун Уа АрдуЛлахи Уаси`атун Иннама Йуваффас-Сабируна Аджрахум Бигайри Хисааб.
(Эй, Мухаммед!) Менин ыйман келтирген пенделериме: «Эгеңерден корккула! Бул дүйнөдө жакшылык кылгандарга – жакшылык бар. Аллахтын жери кенен. Чындыгында сабыр кылуучуларга сыйлыктары эсепсиз (өлчөөсүз) берилет», - деп айткын.
Уландысы:
Дискте: https://yadi.sk/i/U9VgD0gHWVOAwQ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3