38-САД¹ сүрөсү («Сад», Сад)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
38:1
ص وَالْقُرْآنِ ذِي الذِّكْرِ
САД. Уал-Кур-ани Зиз-Зикр
Сад. Эскертме ээси болгон Куранга ант!
38:2
بَلِ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي عِزَّةٍ وَشِقَاقٍ
Балиллазина кафару фи ’иззатиу-уа шикак
Ооба, каапырлар текеберленүүдө жана каршы чыгууда.
38:3
كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّن قَرْنٍ فَنَادَوْا وَلَاتَ حِينَ مَنَاصٍ
Кам ахлакна мин-каблихим-мин-карнин-фанадау-уа лата хина манас
Биз аларга чейинки канчалаган муундарды жок кылдык. Алар жалбарышты, бирок, калкаланчу убакыт эмес эле².
38:4
وَعَجِبُوا أَن جَاءهُم مُّنذِرٌ مِّنْهُمْ وَقَالَ الْكَافِرُونَ هَذَا سَاحِرٌ كَذَّابٌ
Уа ’ажибу ан жа-ахум-Мунзирум-минхум. Уа калал-Кафируна хаза сахирун-каззаб
Алар өздөрүнүн арасынан эскертүүчү³ келгенде таң калышып, каапырлар: «Бул сыйкырчы, жалганчы», - дешти.
38:5
أَجَعَلَ الْآلِهَةَ إِلَهًا وَاحِدًا إِنَّ هَذَا لَشَيْءٌ عُجَابٌ
Ажа-’алал-алихата Илахау-Уахида? Инна хаза лашай-ун ’ужаб
«Чын эле ал кудайларды⁴ бир кудайга айлантабы? Чынында бул шумдуктуу нерсе!»
38:6
وَانطَلَقَ الْمَلَأُ مِنْهُمْ أَنِ امْشُوا وَاصْبِرُوا عَلَى آلِهَتِكُمْ إِنَّ هَذَا لَشَيْءٌ يُرَادُ
Уанталакал-мала-у минхум анимшу уасбиру ’ала алиха-тикум! Инна хаза лашай-уй-йурад
Алардын арасынан бир тобу: « Баргыла жана кудайларыңарга бекем болгула. Чындыгында бул (ал) каалаган нерсе⁵.
38:7
مَا سَمِعْنَا بِهَذَا فِي الْمِلَّةِ الْآخِرَةِ إِنْ هَذَا إِلَّا اخْتِلَاقٌ
Ма сами’-на бихаза фил-маллатил-ахирах; ин хаза илах-тилак
Акыркы динде⁶ биз бул тууралуу эч уккан эмеспиз; бул ойдон чыгарылган нерсе.
38:8
أَأُنزِلَ عَلَيْهِ الذِّكْرُ مِن بَيْنِنَا بَلْ هُمْ فِي شَكٍّ مِّن ذِكْرِي بَلْ لَمَّا يَذُوقُوا عَذَابِ
А-унзила ’алай-хиз-Зикру мим-байнина? Бал хум фи шак-ким-мин-Зикри! Бал-лам-ма йазуку ’азаб
Биздин арабыздан ага гана кабар түшүрүлгөнбү?» (дешет). Ооба, алар Менин кабарыма шектенишүүдө. Балким алар Менин жазамды али татыша элек.
38:9
أَمْ عِندَهُمْ خَزَائِنُ رَحْمَةِ رَبِّكَ الْعَزِيزِ الْوَهَّابِ
Ам ’индахум хаза-ину Рахмати Раббикал-’азизил-Уаххаб
Же аларда сенин Даңктуу жана Кайрымдуу Эгеңдин ырайым казынасы барбы?
38:10
أَمْ لَهُم مُّلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا فَلْيَرْتَقُوا فِي الْأَسْبَابِ
Ам лахум-мулкус-сама-уати уал-арды уа ма байна-хума? Фалйартаку фил-асбаб
Же алардан асмандар менен жердин жана алардын ортосундагылардын үстүнөн бийлиги барбы? Кана, анда алар асманга көтөрүлүп көрүшсүнчү.
Уландысы:
Дискте: https://yadi.sk/i/m3defamTuMYHzQ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев