Ээ, Аллахтын Элчиси тушумо кир.
Жакшы уммот болалбасам мени кечир.
Озумдогу амалы жок жалкоолукту,
Оо, жараткан жардам берип озун кетир.
Пайгамбарым эмне дээрим туйгандырсын.
Амалыма балким конул бургандырсын.
Сен айткандай окуй албай намазымды,
Жургонумо капа болуп тургандырсын.
Алсыздыгым, акмактыгым ушул менин.
Жакшы ишти бугун эмес эртен дедим.
Дуба кылам сен да мага дуба кылчы,
Оо, Аллахым ыйман, амал, илим бергин.
Баарыбыздан кетип жатат такыбалык.
Азан айтса кээде уктук жатып алып.
Жалкоолуктан тамак жасаш оор келип,
Жеп жатабыз даяр ашты сатып алып.
Буга дагы тынчсызданып жаткандырсын.
"Уммотум"-деп коп кайгыга баткандырсын.
"Ибадатты кечиктирбей кулдук кыл"-деп,
Баарыбыздын пайдабызга айткандырсын.
Жалкоолуктан мен сезбедим,мен укпадым.
Аз ибадат кылсам дагы коп уктадым.
Аллах айткан окум жатса тебеленип,
Коруп туруп ыйманым суз унчукпадым.
Мен алсызмын кечире кор оо жараткан.
Пайгамбарым эн бир туура дин тараткан.
Аллах жалгыз, Мухаммед Элчи деген менен,
Эмне учун мусулмандар коп адашкан.
Расул Аллах болунбосун уммот деген.
Башым катты кимдер туура жолдо экен.
Ээ, Аллахтын Элчиси тушумо кир.
Ушуларды суйлошойун сени менен.
Журокко салчы кайсы бирин тандайын.
Мен да адашып тозоккоче барбайын.
Тушко кирсен:"Аллах улук"-деп коюп,
Бирин бири олтургонун айтайын.
Эмне учун баары бирдей мусулман.
Бир-биринин канын тогуп кутурган.
Тушко кирсен ушуларды сурайын,
Аллах учун кайсы бири утулган?
Билем динде зордук жок деп айтканын.
Арам дедин киши олтуруп жатканын.
А бугунчу мусулмандар болунуп,
Угуп жатам бирин-бири атканын.
Каапыр десем: Эки жак тен мусулман.
Ботон кандай улгу алат ушундан.
Тээ озундун заманында адамдар,
Мындай жаман иштен кантип кутулган?
Жол корсотчу озун дагы бир ирет.
Келбесен да тушторумо кире кет.
Уммотторун бара жатса адашып,
Бизге деген кавсар суусун ким ичет?
Баарынан да кыйналды жетим-жесир.
Жардамым жок бул учун да мени кечир.
Ушулардын баарын сурап алайынчы,
Ээ, Аллахтын Элчиси тушумо кир.
Жок дегенде жузунду тоюп коройунчу,
Ээ, Аллахтын Элчиси тушумо кир.
Жаныбай БАТКЕН.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев