Предыдущая публикация
"Эмне пайда"
"Карындашым"
"Карагат"
"Түн чүрөгү"
"Сүйүү керемети"
"Жашынган махабат"
"Сүйүктүүм"
"Айылым"
"Ата-эне"
"Айдагы кыз"
"Сыйлай жүр"
"Досторго"
"Жаным"
"Айдай сулуу"
"Мөлмөлүм"
"Тагдыр"
"Жалгыздык"
"Таластык кыз"
"Студент кыз"
"Жүрөк дарты"
"Ыйлабачы"
"Сүйүү арманы"
"Жададым"
"Кыздар"
"Жаз"
"Аппак таң"
"Сага гана"
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 27
Өмүр өтсө мейли, өкүнбөйм деги,
Кайрылсаң мага кайра.
Сезимимди тепсеп, жанчып,
Андан сага кандай пайда?
Күтөмүн дайым, жебе жылган сайын.
Карай берип, картайды карек.
Түтөймүн түптөн, түңүлбөймүн, күтөм,
Билбесем да белдүү бир дарек.
Караңгы түндө кайсалайм,
Карагым, неге айта албайм?
Кайырма:
Өмүр өтсө мейли, өкүнбөйм деги,
Кайрылсаң мага кайра.
Сезимимди тепсеп, жанчып,
Андан сага кандай пайда?
Махабат катын карегиңе жаздым,
Карап туруп, сезбей, садага.
Айтайын десем, ашык ала келсем,
Бурасың сөздү башкага.
Жамгырлуу түндө жалгызмын,
Жан эркем, сенсиз алсызмын.
Кайырма:
Өмүр өтсө мейли, өкүнбөйм деги,
Кайрылсаң мага кайра.
Сезимимди тепсеп, жанчып,
Андан сага кандай пайда?
Жоодураган көзүн карап,
Жолугуну күндө самап.
Жаным болуп жаралгансып,
Жарым ырыс сага тартат.
Жаз гүлүндөй бураласың,
Жан дүйнөмдү кубантасың.
Жалт-жалт карап мени,
Жылмайганда эми,
Жарылды го жүрөк, сүйүү деми.
Кайырма:
Оо, карындаш, кагылайын,
Ойлоп сени сагынамын.
Сени сүйгөн бир агаң бар,
Ананайын...
Кара көздүү карындашым,
Калат белем болуп ашык.
Канжар сүйүү сууруп чыгып,
Карабадың эми жүрөк дартын.
Айдай сулуу карындашым,
Айдагы кыздай тартып алдың.
Аппак таңдай эми,
Арбап алдың мени,
Арнадым сүйүүнүн кереметин.
Кайырма:
Оо, карындаш, кагылайын,
Ойлоп сени сагынамын.
Сени сүйгөн бир агаң бар,
Ананайын...
Оо, карындаш, сен ыйлаба,
Оо, карындаш, сен таарынба.
Таарынганда сен агаңа,
Эмне пайда?
Жанга батты, Жала-абаддын,
Жайдай ысык, жашоонун заты.
Издеп барамын, илип аламы.
Кайда кетиң, кайыппы сенин,
Калтыраткан, кара күч демиң.
Кайда барайын?, кайрып аламын.
Кайырма:
Ысыса ырайың,
Көлөкө кылайын.
Көр кылган жүзүңө,
Көңүлдү сунайын.
Көзүмдү көбүрүп,
Көп күчүм жумшап бүттүм.
Үшүсө үмүтүң,
Үйлөп жылытайын.
Үйрүлүп күн – түн,
Үрп болуп сылайын.
Унчукпай уктасаң,
Урданат күнүм түркүн.
Сур булуттун, сулуусун туттум.
Сууруп тартып, сугунуп жуттум.
Сулатып жыкты, Суранычымды.
Карагаттын, карасын таптым,
Канжарлап сайды, канталап калдым.
Кайырма:
Ысыса ырайың,
Көлөкө кылайын.
Көр кылган жүзүңө,
Көңүлдү сунайын.
Көзүмдү көбүрүп,
Көп күчүм жумшап бүттүм.
Сөзү: А.Алымовдуку
Обону: И.Абдыразаковдуку
Элестеп көрүнөт, ай, мөлтүрөп,
Күлкүсү сүйкүм төгүлөт.
Кыялкеч жайдары, гүл жайдагы,
Эркимди жипсиз байлады.
Кайырма:
Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм,
Эрдиңден качан сүйөмүн?
Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм,
Эрдиңден качан сүйөмүн?
Жүзүнөн бөлүнөт нур күндөгү,
Сыйкырлуу пери күндөгү.
Элесиң жоготпой мен жүрөмүн,
Үзүлүп сени сүйөмүн.
Кайырма:
Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм,
Эрдиңден качан сүйөмүн?
Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм,
Эрдиңден качан сүйөмүн?
Эркелеп, назданып, гүл жазданып,
Ак куудай учат айланып.
Толгонуп, кыйналып мен кызганам,
Жалындап күйүп башкадан.
Кайырма:
Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм,
Эрдиңден качан сүйөмүн?
Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм,
Эрдиңден качан сүйөмүн?
Сөзү; Обону: Замир Казакбаевдики
Менин да, жаным, өз бактым үчүн,
Күрөшкөнгө толук акым бар.
Түшүнчү, түшүн,
Оймоктой болгон эрдиңден сенин.
Өңүмдө эмес, түндөсү,
Түшүмдө өптүм.
Кайырма:
Экөөбүз адеп таанышканда сүрдөп,
Жадагалса, жаным.
Сурабаптырмын атың ким деп,
Сүйүүнүн керемети.
Корулган жерде өскөн гүлзардай,
Колумду сунуп кызыгып турдум үзө албай.
Өзүң деп жүрүп өзгөрүп деги,
Кетпесем болду сүйөм дешиңди угалбай.
Кайырма:
Экөөбүз адеп таанышканда сүрдөп,
Жадагалса, жаным.
Сурабаптырмын атың ким деп,
Сүйүүнүн керемети.
Көргөндө көздөрүмдү ала качам,
Көнүшүп бирге болом сизге качан?.
Чечилбес бул күндөрдү дастан кылып,
Сүйүүнүн ыр китебин сизге ачам.
Кайырма:
Бир сизде мазабтаттын ширини бар,
Билгизбей ичте каткан бир сезим бар.
Тата албай махабаттын татуулугун,
Өтөм го, өмүр бою дүнүйөм тар.
Булуттан көрүнбөгөн түнкү айдай,
Адашам сүйгөнүмдүн жолун таппай.
Сагыныч санга, бөлүп ойлорумду,
Уйкусуз түнүм атат, таңым атпай.
Кайырма:
Бир сизде мазабтаттын ширини бар,
Билгизбей ичте каткан бир сезим бар.
Тата албай махабаттын татуулугун,
Өтөм го, өмүр бою дүнүйөм тар.
Сөзү: К.Качкынбаеваныкы
Обону: Өктөм Сапар уулунуку
Көңүлдүн көрүнбөгөн жолдорунда,
Көмүлүп жаттың санаа, ойлорумда.
Көз ачып наристедей ойгоносуң,
Көлкүлдөп сагынычым ашып, толгонумда.
Кайырма:
Сүйүктүүм, сүйүктүүмсүң,
Сезсеңчи сүйүү күчүн.
Серпилсем канатым,
Жетпедим аны түшүн.
Бар экен дале жалын карегиңде,
Башканын мага, жаным, кереги не?
Маңдайга жазылбаган, махабатым,
Жашайсың ыр сабында дале калемимде.
Кайырма:
Сүйүктүүм, сүйүктүүмсүң,
Сезсеңчи сүйүү күчүн.
Серпилсем канатым,
Жетпедим аны түшүн.
Жаш кезимде жан эргиткен айылыма,
Суктанамын ушунчалык мен дайыма.
Тунук суусун, булактарын ойлогондо,
Тургум келет түбөлүккө мен жанында.
Кайырма:
Айылым, айылым,
Айылыма баргым келди.
Атыр жыттуу гүлдөрүнөн,
Таткым келди.
Айылым, айылым,
Айылыма баргым келди,
Балдай таттуу балалыгым,
Эске келди.
Жаз мезгили жаштар чыгат ошол тоого,
Жылына бир жаз айланып күн болгондо.
Эми ойлосом чыдай албайм ушул күндү,
Айылды эстеп мен да жөнөйм жаз болгондо.
Кайырма:
Айылым, айылым,
Айылыма баргым келди.
Атыр жыттуу гүлдөрүнөн,
Таткым келди.
Айылым, айылым,
Айылыма баргым келди,
Балдай таттуу балалыгым,
Эске келди.
Балам дейсиң көрбөй калсаң тартып санаа,
Бактылуусуң караанымды көрүп гана.
Бой жеткирип өстүрдүңүз асыл энем,
Бал уйкуңду, түн уйкуңду бөлүп мага.
Билем, ата, бой жеткенче эркелегем,
Билем, ата, үмүтүң чоң эми менден.
Чоң ата бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
"Садагам" деп мээримиңди төгүп мага,
Кичинекей дале көрүп мени, апа.
Көңүлүңүз ачык болуп, дүйнөң түгөл,
Көлөкөмдү тээ алыстан көрүп гана.
Жетилди эрке балаң эркелеген,
Өзүңөрдү жазбай тартам, ата-энем.
Чоң ата бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
Чоң эне бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
Ойлономун силерди мен күндө-түндө,
Ишенгиле, силер дайым жүрөгүмдө.
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт,
Бардыгынан ата кымбат бул дүйнөдө.
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт,
Бардыгынан эне ыйык бул дүйнөдө.
Сөзү: Фаризат Асанкалый кызыныкы
Обону: Ильяз Абдыразаковдуку
Айдын нуру түндө төгүлөт,
Ай бетинен бир кыз көрүнөт.
Аянычтуу, өзүнчө сырдуу,
Аппак кызга көңүл бөлүнөт.
Кайырма:
Айдагы кыз, арманымсыз,
Айдагы кыз, ай-ааламда сиз жалгыз.
Айдагы кыз ардагымсыз,
Бир өзүң жок, жер бетинде мен жалгыз.
Түндү күтөм жалгыз отуруп,
Түмөн ойго жүрөк толтуруп.
Түйшүктөнүп жүрөм сиз үчүн,
Түшүмө кир бакыт куш болуп.
Кайырма:
Айдагы кыз, арманымсыз,
Айдагы кыз, ай-ааламда сиз жалгыз.
Айдагы кыз ардагымсыз,
Бир өзүң жок, жер бетинде мен жалгыз.
Мейли өтсүн күндөр сабалап,
Мезгил учсун жүрөк жаралап.
Мээримиңе түндө жылынам,
Мага сиздей кимдер жага алат?
Кайырма:
Айдагы кыз, арманымсыз,
Айдагы кыз, ай-ааламда сиз жалгыз.
Айдагы кыз ардагымсыз,
Бир өзүң жок, жер бетинде мен жалгыз.
Обону; Сөзү: Чубак Сатаев
Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кеттим,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми, таарынба...
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айылыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айылыңдан узап мен кетсем,
Ардагым деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми, таарынба...
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кеттим,
Жалжалым деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми, таарынба...
Ар бириңер таянар тоо керемет, ак дилиңер,
Жан демиңер баа жеткис асылзат, кең пейилиңер.
Бар болгула бакыттын бал кушунда,
Бай болгула жан дүйнө чокусунда, жандоочулар,
Ырыма күбө бол, кан досторум.
Отуралы, ортону ырыс менен толтуралы,
Ойдун баарын оргуштап ортого чогулталы.
Силерсиңер ишенер караандарым,
Билесиңер, аман-соо жүргүн дайым.
Тирексиңер, ак шумкар жалгасын, жан досторум.
Бар болгула бакыттын бал кушунда,
Бай болгула жан дүйнө чокусунда, жандоочулар,
Ырыма күбө бол, кан досторум.
Силерсиңер ишенер караандарым,
Билесиңер, аман-соо жүргүн дайым.
Тирексиңер, ак шумкар жалгасын, жан досторум.
Жаным, бир көрүп ашык болдум сага,
Жүрөгүмдө от жалындаган.
Менин жанымдан кетпечи,
Мен сенден суранам.
Мага жылдызың таза жарык чачкан,
Сени ойлоп нечен таңым аткан.
Жаныма бекем кыссам да,
Кумарым канбаган.
Айтчы, башыма конгон бакытсыңбы?
Агарып аткан таңымсыңбы?
Ааламда эч тең келбес,
Жалган да жансыңбы?
Жаным, бир көрүп ашык болдум сага,
Жүрөгүмдө от жалындаган.
Менин жанымдан кетпечи,
Мен сенден суранам.
Жанымдан кетпечи, мен сенден суранам,
Жанымдан кетпечи сен...
Мен отурам сени ойлоп,
Жүрөгүмдө сүйүү толгон.
Айдай жүзүң элестетем,
Баратканың сууну бойлоп.
Бакыт толгон жүрөгүмдө,
Сезим жашайт жалгыз сен деп.
Жарык берип жан дүйнөмө,
Жылуу жүзүң нурун себет.
Кайырма:
Айдай сулуу бул ааламда –
Асыл адамым өзүңсүң.
Ыргак берген ыр сабымда,
Ырахаттуу сөзүмсүң.
Жылдыздуу түн эч батпаган,
Уйкум качып, таң атпаган.
Айдай сулуу сенин жүзүң,
Сандык болду сыр ачпаган.
Табитиңе бал татыган,
Табигатта сен татына.
Ай шооласына чөмүлүп,
Ак сүйүүмө мен багынам.
Кайырма:
Айдай сулуу бул ааламда –
Асыл адамым өзүңсүң.
Ыргак берген ыр сабымда,
Ырахаттуу сөзүмсүң.
Сөзү; Обону: Барпыныкы
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасам жүрөккө от,
Чагылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыктык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек
-сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагы...Ещё"Мөлмөлүм"
Сөзү; Обону: Барпыныкы
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасам жүрөккө от,
Чагылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыктык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек
-сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың.
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей.
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
Башымды берсем тартууга,
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир даба,
Табар белең, Мөлмөлүм?
Мал бербей, өзүн берет деп,
Өлбөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан
Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?..
Чече албадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына,
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Акыр тагдыр экөөбүздү кошкон жок,
Ак сүйүүнүн убалынан корккон жок.
Бирге басып сыр чечишчү күндөрдө,
Эки жүрөк бир мезгилде соккон жок.
Кайырма:
Мен ыйладым сен жар болуп жатканда.
Мен сыздадым сен жыргалга батканда.
Ары карап көрмөксөнгө салдың сен,
Көздөн жашым мөлт-мөлт этип акканда.
Айла канча, тагдырыма таарындым,
Жардам сурап Кудайыма жалындым.
Эч ким мени аябады, укпады,
Арман жашоо айланып сага кабылдым.
Кайырма:
Мен ыйладым сен жар болуп жатканда.
Мен сыздадым сен жыргалга батканда.
Ары карап көрмөксөнгө салдың сен,
Көздөн жашым мөлт-мөлт этип акканда.
Эт жүрөгүм эңсеген,
Колум сунсам жетпеген,
Бакыт нуру сен белең, жаным?
Сени эстесем от болуп,
Күйөт жүрөк чок болуп,
Сенсиз жашоо жок болуп, жаным.
Кайырма:
Сезимдин бугун козгоп,
Жымыңдаса жылдыздар сансыз.
Турамын ойлоп сени,
Жүрөктө болуп ызгаар жалгыз.
Өмүрүм түнгө айланды,
Агарып мага атпаган таңсыз.
Сыртыма чыгара албай,
Ичимен таш жарамын жалгыз.
Кыялдарым буулугат,
Куса болуп куюлат,
Кулагыма угулат үнүң.
Уктай албай күн-түнү,
Сагынамын күлкүңдү,
Айтчы, ушул мүмкүнбү, гүлүм?
Кайырма:
Сезимдин бугун козгоп,
Жымыңдаса жылдыздар сансыз.
Турамын ойлоп сени,
Жүрөктө болуп ызгаар жалгыз.
Өмүрүм түнгө айланды,
Агарып мага атпаган таңсыз.
Сыртыма чыгара албай,
Ичимен таш жарамын жалгыз.
Чырайы жарык, келишкен сулуу,
Көксөм бир канбай, көңүлүмдө жай.
Ойлорумда сен, обонумда сен,
Сен болдуң сулуу, таластык кыз, ай.
Кайырма:
Тамшандырган, ай, таластык кыз, ай,
Суктандырган, ай, сулуу кызым, ай.
Ай-ааламдан, ай, жаралангадан, ай.
Сен болдуң сулуу, таластык кыз, ай.
Шам чырактай сен күйүп-өчпөгөн,
Болгонун сизге арнап өтөйүн.
Ак сүйүүм да сен, аман болгун дейм,
Ажарыңа сенин арбалып келем.
Кайырма:
Тамшандырган, ай, таластык кыз, ай,
Суктандырган, ай, сулуу кызым, ай.
Ай-ааламдан, ай, жаралангадан, ай.
Сен болдуң сулуу, таластык кыз, ай.
Карек-каштарың келишкен, жаным,
Ийилген чачың, кыйнайсың, жаным.
Бир сени сүйөм, мен сени күтөм,
Сен болчу менин өмүрлүк жарым
Кайырма:
Тамшандырган, ай, таластык кыз, ай,
Суктандырган, ай, сулуу кызым, ай.
Ай-ааламдан, ай, жаралангадан, ай.
Сен болдуң сулуу, таластык кыз, ай.
Ак куудай созулуп өтөсүң күндө,
Жамалың жарык берип тунук сүйүүгө.
Арбадың, айта албадым,
Сүйүп калдым деп сенин өзүңө.
Кайырма:
Студент кыз, жактың жүрөгүмө,
Студент кыз, жактың бир өзүмө.
Сүйүү мээримин издеп жүрүп,
Мен өзүңдү таптым бул өмүрдө.
Ээледиң жүрөктү кериле басып,
Келбетиң, жаным, менден уялып.
Жылмайып, кылыктанасың,
Бакчада өскөн гүлдөй буралып.
Кайырма:
Студент кыз, жактың жүрөгүмө,
Студент кыз, жактың бир өзүмө.
Сүйүү мээримин издеп жүрүп,
Мен өзүңдү таптым бул өмүрдө.
Сөзү; Обону: Ф.Исаевдики
Сүйүү кандай башталарын,
Турмуш кандай куруларын.
Түшүнбөдүң айтканыма,
Жүрөгүмдү жараладың.
Сүйгөнүм, сен карабадың,
Сүйүүгө сен жарабадың.
Алыстатып бир өзүмдү,
Ар убакта капаланттың.
Кайырма:
Сүйгөнүм, келчи кайра,
Сүйүү демин берчи мага.
Оо, Жараткан, күбө болуп,
Жардам бер жүрөк дартыма.
Мен сүйгөнмүн сени гана,
Алмаштырбай башка адамга.
Ак сүйүүмдү кайрып берер,
Жалгыз өзүң бул ааламда.
Көзүң күлүп нурун чачса,
Көргүм келет кайра-кайра.
Жан дүйнөмдү жалдыратып,
Кеткениңде эмне пайда?
Кайырма:
Сүйгөнүм, келчи кайра,
Сүйүү демин берчи мага.
Оо, Жараткан, күбө болуп,
Жардам бер жүрөк дартыма.