)
"Социология", "Биология"
билимдердин тармагы,
Филология улуу илим
элге маалым ал жагы...
Билим алсаң өмүрүңдө
чоң тиет дейт жардамы.
Билим алып көкөлөйм деп,
балаң канат байлады.
Жаңы илим ачтым апа
элге жагат ал дагы.
"СҮЙОЛОГИЯ" деген илим
Сүйгөндөргө пайдалуу.
"Сүйалогия дейсиңби?"-деп
апа анча чоочуба,
Сүйологя болот экен
күйсөң сүйүү отуна.
Сүйгонүмдү көрүү үчүн
калбай барам окууга,
"Филология", "сүйология"
бирдей окуйм кошула.
Эки коен бир атамын
менден кетет бир эле ок,
көп коенго көп ок аткан
мен эмесмин пулемот.
Адабият тилди үйрөнсөм
болуп чыгам "филолог"
сүйүүнү да кошо окуп
менден чыгат "сүйолог"
ал сулууга үйлөнгөндө
Анан болом "КҮЙӨлог"
Катты сизге жаздым апа
кандай болот чечимиң,
экөөбүздү үйлөнтүүгө
Доллар жетет эки миң.
Жыл айланып келиниңиз
терметкенде бешигин.
Мен ошондо окуй баштайм
"АТАлогия" кесибин.
Катты сизге жаздым апа
макул болуп койсоңуз,
Келиниңиз болчу кызга
азыр жакын ортобуз.
Неберени жетелеген
ал да сиздин олжоңуз.
Куп жарашып калат сизге
"НЕБЕРОЛОГ" болсоңуз.
2013-жыл
Мирлан Алтымыш Уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5