Предыдущая публикация
"Кызган мени"
"Жашайм шүгүр кудай деп"
"Келсеңчи"
"Алдаба куру бекер сөзүң менен"
"Жаңы жылды тосолу"
"Бакытка тунуп турам"
"Курбулар"
"Жалбырагым дирилдек"
"Ай тумар"
"Ак куулар сени сагынар"
"Сагынганда атамды"
"Ак кайың"
"Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
"Баары сендей"
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө.
Көңүл жиби - тыт көпөлөк тарткан жип,
Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө.
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө.
Капкайдагы жаман ойду ойлосоң,
Акылыңдан адашасың бир күндө.
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө.
Эмне болуп кетер экен дегендер,
Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
Жарык нурга дүйнөнү,
Жалгыз Алла толтурат.
Сен өзүңдөн тап аны,
Сени менен олтурат.
Кайырма:
Жаратканды сүйөмүн,
Жашым төгүп кудай деп.
Өмүр нурун сиңирип,
Жашайм шүгүр кудай деп.
Суктандырган жандууну,
Суулар агат кудай деп.
Билсең ислам булбулу,
Күн-түн сайрайт кудай деп.
Кайырма:
Жаратканды сүйөмүн,
Жашым төгүп кудай деп.
Өмүр нурун сиңирип,
Жашайм шүгүр кудай деп.
Сүйүлөлү сүйөлү,
Сенек иштер жеңилдейт.
Эч бир жанга бул дүйнө,
Энчиленип берилбейт.
Кайырма:
Жаратканды сүйөмүн,
Жашым төгүп кудай деп.
Өмүр нурун сиңирип,
Жашайм шүгүр кудай деп.
Караймын көлдүн өйүзүн,
Кыйын го сени көрүшүм.
Кыйноону тарткан жүрөктүн,
Ачкычы, ачкычы жалгыз өзүңсүң.
Олтурам көлдүн боюнда,
Ойлор көп менин оюмда.
Кумдан көп ойго чөктүргөн,
Кымбатым, кымбатым, сенсиң оюмда.
Шилеймин көлдүн кумдарын,
Таркабай сенден кумарым.
Ачкычы сенсиң жүрөктүн,
Келсеңчи, келсеңчи, букет сунайын.
Алдаба куру бекер сөзүң менен,
Ансыз да жалыныңа күйүп келем.
Ашыктык ак шооласын чачкан болсо,
Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем.
Элесиң эске түшсө эрке жансың,
Энчилеп жүрөгүмдү ээлеп алдың.
Көз караш күлмүңдөгөн сезим менен,
Күнөөсүз жүрөгүмдү эзип салдың.
Алдаба куру бекер сөзүң менен,
Ансыз да жалыныңа күйүп келем.
Ашыктык ак шооласын чачкан болсо,
Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем.
Сөзү: Т.Кожомбердиевдики
Обону: С.Жумалиевдики
Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.
Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.
Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.
Бакытты эмне десем, баланын өзү тура.
Жанымды элжиреткен, жагымдуу сөзү тура.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Өзүңө жаным балам көңүлүм буруп турам,
Жанымда сен бар үчүн, жазылып күлүп турам.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Сен менин алтынымсың
Барсбегим, таалайымсың,
Айланып кетейиним
Сен менин бакытымсың
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Көл жээгинде ойлуу турам,
Ташты ургулайт толкундар.
Толкун болуп тарап кеткен,
Жандай ынак курбулар.
Көргүм келет көзүңөрдү,
Жаштык жанган, от жанган,
Куса болуп карай берем,
Ордуңарды бош калган.
Кыял күткөн кызык күндөр,
Калды алыс-алыста,
Башка-башка жолдор менен,
Кеттиңерби алыска?
Оо, курбулар, сагындырган,
Ар бириңди эстеймин,
Жылдыз сымал жанып турган,
Ал күндөрдү эңсеймин.
Жүрөбүз деп ойлогонбуз,
Түбөлүккө айрылбай.
Ар ким издеп өз бактысын,
Кеттик достор кайрылбай,
Көргүм келет көзүңөрдү,
Жаштык жанган, от жанган,
Куса болуп карай берем,
Ордуңарды бош калган.
Көңүлүмдө роза болуп жайнадың,
Көк жоолуктай көздөрүмдү байладың.
Булбулум сен учуп кетип кай жакка,
Кайсыл бактан кубулжутуп сайрадың.
Махабатым жалындаган өчө элек,
Мен эмесмин гүл жыттанган көпөлөк.
Күүлөрүңдү төгүп коюп жүрөккө,
Кайда учасың боз торгоюм көпөлөк.
Издейм сени жылуулугум, күнүм деп,
Сүйүүм синген, сүйүүм дайра иримдеп.
Шуудурачы тереземдин түбүндө,
Кайдасың сен жалбырагым дирилдек.
Калтардай чачың тарадың неге
Кайгылуу муздак карадың неге
Каркыра болуп канаты талган
Качанкы мени аядың беле
Кундуздай чачың тарадың неге
Кусалуу муздак карадың неге
Кунарсыз түндөй тажадың беле
Кумарлуу кечти самадың беле
Өмүрдүн ызгаар борону болуп
Өксүгөн ырдын обону болуп
Өлчөсүн таппай, махабат демин
Өзүңдү келем жогору коюп
Арзууда барбы жазыгым менин
Алыстап кеттиң ашыгым менин
Ааламдан издеп, асылым демим
Жаштыгым менин, асылым менин
Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
Тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмушта,
Жолуксам деймин тезирээк.
Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
Алманын гүлдүү шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар.
Акыры көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
Сөзү: А.Өмүркановдуку
Обону: Э.Талиповдуку
Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум...Ещё"Сагынганда атамды"
Сөзү: А.Өмүркановдуку
Обону: Э.Талиповдуку
Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Көрүнүп көзгө дапдайын,
Көчөдө жалгыз ак кайың.
Жалдырап турат сумсайып,
Кар басып бутак, шактарын.
Жалдырап турат сумсайып,
Кар басып бутак, шактарын.
Ал эстейт жайдын кечтерин,
Адырды гүлдөр сепкенин.
Кыз-жигит келип түбүнө,
Кыналып турган кездерин.
Кыз-жигит келип түбүнө,
Кыналып турган кездерин.
Көңүлгө көңүл кезигип,
Көңүлдөң көңүл эзилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайыңга турчу сезилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайыңга турчу сезилип.
Ак карлуу карды жамынып,
Аяздан күчөп камыгып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
Сумсайып турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
Сөзү: Тазагүл Закированыкы
Обону: Г.Садыбакасованыкы
Дербиштей дүйнө кезип,
Көксөгөн жарым кылым.
Кыйырыңа көзүм жетпес,
Бакыттын даамы сендей.
Кайырма:
Илебиң эс тандырган,
Жүрөккө от жандырган.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Төрт мезгил карек салып,
Күн-түнү шыбырт тыңшаар.
Эзилип жол караган,
Күтүүнүн даамы сендей.
Кайырма:
Илебиң эс тандырган,
Жүрөккө от жандырган.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.