-Айбек ага, бизге маек курган мушкерлердин көпчүлүгү "чет жакта беттешүүмдүн себепкери менеджерим Айбек Мусаев" деп сөз баштайт. Кыргызстандан чыккан атактуу, жалгыз спорт менеджери сиз окшойсуз?
- Аша чаап кетким келбейт (күлүп). Жалпыга малым, өзүм спортто чоңоюп, машыктыруучу катары иш баштагам. Менеджер боюнча айта турган болсом, таланттуу мушкер, спортчуларды колдоо максатында ушул кадамга баргам. Азыр дүйнөдө аралаш уруш (ММА) популярдуулугу артып жатат, бул бир себеп. Негизи спорт менеджерлери көп эле.
- Ортомчулар же тажрыйбасы жок менеджерлер, бизнестин жаңы версиясы пайда болду, спорт менен бизнес аралашып кетпедиби?
- ММА спорт эле эмес бизнес дагы. Батыш мамлекеттеринде спорттук уюштуруучулар атайын акча коюп, беттеш өткөрүп, белгилүү бир бөлүгүн өздөрүнө алышат. Заманга жараша кесиптер пайда болуп жатпайбы. Ошол сыяктуу эле промоутерликти спорттогу заманбап кесиптин бири деп эсептейм. Ал эми тажрыйба , билимге келсек, олуттуу караш керек. Кеминде 3-4 тилде эркин сүйлөп, спорт менен машыгуусу абзел. Өзүм дене тарбия факультетин аяктап , теория менен практиканы айкалыштырган мугалиммин. Сиз айтып жаткан спорттук ортомчу же менеджерлик кесибимди Россиядан окуп, атайын адис деген документ алгам.
- Ортомчулук кесибиңиз менен кыргыз спортуна эмне жаңылык алып келесиз?
- Спортго өтө чоң революция жасабасам да, кол алдымдагы окуучуларымды , кыргыздын таланттуу мушкерлерин дүйнөлүк аренада баарыбыздын арзуубуз болгон UFC`ге чейин жетелегим келет.
- Спортчулардын айтымында UFC`ге жетүүдө менеджердин салымы чоң дешет, сизге эмне жетишсиз?
- Эң биринчиден Кыргызстандын мушкерлери жаш. Алар арзуу кылган океандын ары жагында майданга чейинки баскычтар бир топ. Атап кетсем, М-1 , Fight night, ACB сыяктуу уюмдарды ийгиликтүү басып өтүү керек. Бизде UFC`нин талабына жооп берген мушкерлер азырынча жок.
- Чет жакта ошол эле Россияда спорттук зал ачып, тажрыйбадан кабары жоктор балдарды машыктырып жатышат. Мушкер тажрыйбасыз машыктыруучунун айынан беттеште жеңилип эле калбай , ден-соолугуна чоң коркунуч келген факттар бар. Ошол маселе сизди дагы ойлондурабы?
- Дени сак улут – өнүккөн өлкө деп бекер айтпаса керек. Сапат маселеси Кыргызстандагы залдарда да актуалдуу. ММА боюнча дүйнөнү багынткан өлкөлөр качандыр бир учурда биздеги азыркы көйгөйлүү тепкичтерден өткөн. Көч бара-бара түзөлөт. Бул нерселер акырындык менен иргелет. Буюрса сандан сапатга аз эле калды го.
- Чакан маегибиздин аягында JFC тууралуу сурабасам болбос, качан болот?
- Азырынча так датасы чечиле элек. Чечилсе албетте сиздерге биринчилерден болуп кабарлайбыз.
- Маанилүү маегиңизге ыраазылык. topsport.kg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев