Үйлөнгөндөн корком…
Досторумдун алды 5 балалуу болуп калды. Бир — экөөсү ажырашып, кайра үйлөндү. Айрымдары сол жакка барат.
Ичпейм. Чекпейм. Жумасына 3 жолу спорт залга барам. Чакан бизнесим бар. Айылдагы үйдү ремонттоп, атама машина алып бердим. Кайрымдуулук иштерин кылып турам. Бирок, жакындарым мага ыраазы эмес. Кеп эмне жөнүндө болуп жатканын өзүңөр деле байкасаңар керек. Кыскасы, карып баратыпмын, үйлөнүшүм керек экен.
Ишенесиңерби, а мен үйлөнгүм келбейт. Паспортума мөөр бастырдым, нике күбөлүгүн алдым, анан…
Эки адам документтерсиз эле жашаса болбойбу?
Досторуман бактылуусуңарбы деп сурасам, жаттап алган жалпы шаблондорун айтышат: «Оба, аялың болсо сонун да!»
«Балдарымдын бактысы менин бактым»
«Тамак жасап, кийимиңди жууп берген бирөө керек да»
«Аялымдын ыраазы болоор күнү жок, балдарым үчүн жашап жүрөм»
«Ээ, досум, эмнесин айтасың» жана башка.
Кызтеке экен деп жаман ойлобогула. Сүйлөшкөн кыздарым болгон. Көңүлдөрүн алып, жакшы мамиле кылдым. Бирок, 5-6 айдан кийин алар да баш кошуу тууралуу сөз кыла башташат. Жеке оюмду айтсам, эртеси чалбай жоголуп кетишет, же ыйлашат. Айтоор, аз өтпөй башка бирөөгө турмушка чыгып алышат.
Мүмкүн мага ушундай жашоо жагат
Бир келген өмүрдө өзүм каалагандай жашоого укугум жокпу?! Коомубуздун жазылбаган мыйзам тартибинен ( окууну бүтүр — жумушка орнош — машина ал — үйлөн — бир жылдан кийин балалуу бол жана башкасы) чыгып кеткен адам соо эмеспи?
Мен деле бирөөгө жолугуп бактылуу жашагым келет. Бирок, жашым өтүп баратат же эл эмне дейт деген кептерге киргим келбейт.
Деги айткылачы, адамдар эмне үчүн баш кошот? Үйлөнүп алып, кайра сол жакка басыш үчүнбү? Өзүн карабай таштап коюш үчүнбү? Сүйүү эмне экенин унутуш үчүнбү? Балалуу болгонун болуп алып, аларга татыктуу тарбия бербей, мээрим төкпөй өстүрүш үчүнбү? Насыяны төлөй албай азап тартыш үчүнбү? Сезимдери калбай калса да кыйналып жашаш үчүнбү? Өз кызыкчылыктарын, жеке эркиндигин унутуш үчүнбү? Эмне үчүн?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 51
Бирок жалгыздык бир гана жаратканга таандык.
Аллахты коп эстениз башка соз жок .
Бирок жалгыздыкка конуп калган жаман