Предыдущая публикация
Жүрчү жаным, таштайлычы баарысын,
Багыт алып жолдун издеп алысын.
Кетеличи көз жетпеген алыска,
Бирге издеп махабаттын дарысын.
Жүрчү жаным, бүт баарысын унуткун,
Көккө учалы улап жибин үмүттүн.
Сүртөлүчү, даба болор жүрөккө,
Үзүп алып, бир үзүмүн булуттун.
Жаш агызып көзүбүздөн салаалап.
Жүрө бербей ойго батып санаалап,
Көрүнбөстөн айлуу түндө эч кимге,
Кетеличи жылдыздарды аралап.
Ушак сөздөр калаберсин алыста,
Бир түшөлү мезгил менен жарышка.
Чарчадыңбы? Менда аябай чарчадым,
Кетели жүр, кетеличи алыска.
Жаратман: Жыргалбек Усенов. 19.02.2025.
19:34 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6