Предыдущая публикация
Эх жашоо, бирде мени сүйүндүрдү,
Кээ күнү ыза кылды, күйүндүрдү.
Жүгүнчү жерде такыр жүгүндүрбөй,
Жүгүнбөс жерде мени жүгүндүрдү.
Караңгы күндөрүмдү жарык кылды,
Бирде болсо адилеттүү калыс кылды.
Алысты ыраа көрүп жакындатпай,
Жакынды улам менден алыс кылды.
Санаага салып кээде сагындырды,
А бирде жалган жерден жагындырды.
Багынчуу жерге мени багындырбай,
Багынбас жерге мени багындырды.
Эх жашоо, бирде муздак, бирде ыссык,
Жолу бар түз баскын деп койгон сызып,
Кантсе да жазып койгон мыйзамы бар,
Чынында жашоо сонун, жашоо кызык.
Жаратман: Жыргалбек Усенов. 17.02.2025.
17:21 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1