Предыдущая публикация
Сүйүүмө капысынан болдуң себеп,
Ар убак, ар бир мүнөт сени эстеп.
Олтурам уктабастан түн күзөтүп,
А сенчи, сонун уктап жатсаң керек.
Ыр жазам санааларга батканымда,
Мындайда азап таңдын атмагыда,
Билбеймин, мен түшүңө кирдим бекен,
Созулуп тынч уйкуда жатканыңда.
Жүрөккө катып алып сени бекем,
Санаада турганымды билдиң бекен.
Ыр жазып олтургандай элес берип,
Алыстан мен түшүңө кирдим бекен.
А балким бекер азап тарткандырмын,
Куру эле кыялдарга баткандырмын.
Түшүңдө мени көрбөй, же түш көрбөй,
Жөн эле тынч уйкуда жаткандырсың.
Созулуп сонун уктап жакандырсың.
Жаратман: Жыргалбек Усенов. 20.01.2025.
01:41 Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3