Капыстан жолуктуруп тагдыр бизди,
Сүйдүрдү бирибизге бирибизди.
Бактылуу жашап өмүр сүрсөм деймин,
Калтырып ак сүйүүгө изибизди.
Санаалап турам азыр ойго бата,
Олтуруп жалгыз өзүм эски бакта.
Сүйдүрүп койгон менен тагдыр бизди,
Калтырды экөөбүздү эки жакка.
Чыдаймын бир өмүргө күтүү үчүн,
Тагдырга тик кароого жетет күчүм.
Өзүңдү сүйгөндөн соң түбөлүккө,
Күрөшөм өзүң үчүн, сүйүүм үчүн.
Сен үчүн эч нерсеге багынбаймын,
Эч кимди эч убакта сагынбаймын.
Жазыксыз сендеп соккон жүрөгүмө,
Өзүңдөн өзгө жанды батырбаймын.
Билемин арзып мени жүргөнүңдү,
Билесиң менда сени сүйгөнүмдү.
Эч качан жол бербеймин орутууга,
Ар убак мендеп соккон жүрөгүңдү.
Экөөбүз эки жакта болсок дагы.
Унутпа сени күтүп жүргөнүмдү.
Автор: Жыргалбек Усенов. 24.12.2024.
23:32 Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2