Предыдущая публикация
Балдарым, божурашып өздөрүнчө.
Кепке тартып ,мени да алаксытат.
Эч нерседен бейкапар ,кенже тайым.
Жел бешикте мемиреп ,уктап жатат.
А мен болсо сизди ойлоп ,тынбай санаам.
Балдарымдын арасында жалгызсырайм...
Мейман болуп келдим - деп,жакын досум.
Эшик чертип жадырап кирип келет.
Эсиңдеби ошол күн кызык болгон ?-
деп ,эскерип өткөндү күлүп жанат.
А мен болсо сизди ойлоп, тынбай санаам.
Досумдун да жанында жалгызсырайм....
Зуура. 2024 ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2