Анда баштадым.
☝️☝️Көңүл калды☝️☝️
Сенин үйүң сайдын ары жагында эле,
Сагызгандай бир аялдын жанында эле.
Сени менен жоолугушсам берем деген,
Сагыз,кант,шоколаддар жанымда эле.
----_-----------
Кечинде бардым сага мен жасанып,
Кол бетиме атыр крем шыбап алып.
Кебете кешпиримди оңдоп алып,
Колума кызыл гүлдү кармап алып.
------------------
Долононун түбүнө далдаланып,
Далы башты өзүчө кармаланып.
Каралдым тезирээк чыкса экен деп,
Күтүп турдум шилекейим мен жаланып.
Сиңдиңди ээрчитип чыгып калдың,
Сай тарапка колуңа чака алып.
Тамыңды айланып мен чуркадым,
Тайган сымал жытыңдан издеп алып.
Так тамыңдын бурчунан өтө берсем,
Таргыл итиң бутумдан тиштеп алып.
--Кокуй кэээт-деп кыйкырыпмын,
Колтугума кызыл гүлдү кыстап алып.
Кыйкырыкты уккан соң сиңдиң экооң,
Качтыңар үйгө дароо шашкаланып.
-------------------_
Канжалатып балтырымды аста басып,
Койканаңа зорго жеттим кайсаланып.
"Ким бул"-деп атаң чыкты кыжырланып,
Колуна кош ооз мылтык кармап алып.
Качып кирдим мен дароо койканаңа,
Койлоруңдун арасына далдаланып.
Келип калды атакең мага жакын,
Кош оозун мен тарапка Кайсар алып.
Карышкырдан урккөн сымал койлоруң да,
Качып чыкты короону аттап алып.
Кошулуп койлор менен мен да чыктым,
Колум менен жер тырмалап маарап алып.
---------------------------------
"Кош аркага"-деп атаң жолду тосуп,
Койлоруңду аркага кайрып калды.
Колго тушсөм өлдүм го деген ойдо,
Качаар кезек мага да келип калды.
Кайран жигит күчүнүн баарын топтоп,
Карс эттирип скоростту "5"ке салды.
Мунарадай бийик тоскон коргонуңар,
Мен үчүн эч буюмдай болбой калды.
Жан деген ширин экен чынын айтсам,
Жада калса итиң кууп жетпей калды!
🏃🏃-----------------------------------🐕🦺
https://t.me/theYescoin_bot/Yescoin?startapp=E3M33w
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
Улгурупсун качканга,жем болордо.
Ой жугуртуп,олтурам мына азыр
Жоолугушуу оор эле дал ошондо.