Предыдущая публикация
Убакыттар өтүп жатат шаштырып.
Кээде ыйлатып , кээде салып каткырык .
Кайсыл күнү сүйүп калдым билбеймин.
Жүрөгүмдөн оорун берип жактырып.
А сен болсо... байкабастан жүрөсүң.
А мен болсом... сени эстеп жүдөдүм.
Кокус эле, бир жылмайып карасаң.
Ойлоп калам...дагын бир аз күтөйүн.
Үзө албай , үмүтүмдү бир өзүңдөн
Жылуулук издейм ар бир сөзүңдөн.
Убакыттар алмашса да ай жылга...
Окусам дейм , сүйүү сөзүн көзүңдөн.
Зуура. 2024 ж.
https://t.me/theYescoin_bot/Yescoin?startapp=E3M33w
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2