Жылуулук берип, кайгырып турган көңүлгө,
Жашагым келип, сен менен бирге өмүрдө.
Жүрөккө отту, жандырып койдуң карындаш,
Жолугуп калып, таптаза ушул дүйнөдө.
Келсе да сүйүү, жүрөктө турат муң-кайгы,
Кайгырып турам, үмүт да өчүп саргайды.
Көргөзбөй мага, караанын дагы жыйырма жаш,
Кантейин аттиң, алыстап кеткен турбайбы.
От болгон мезгил, жел менен бирге желиптир,
Ойлонгон убак, артымдан кууп жетиптир.
Ошол өрт убак, кезимде эмне жолуксаң,
Отуз жаш чиркин, кайдадыр алыс кетиптир.
Демигип турам, бүлүктү салдың сезимге,
Денем да жалын, токтолуп калган кезимде.
Дайрадай болуп, ташкындай агып кете албай,
Даай албай турам, жалындуу жаштык демине.
Аттиң ай арман, жаш кезде көрсөм эмине.
Автор: Жыргалбек Усенов. 10.12.2024
13:07 Москва.
https://t.me/theYescoin_bot/Yescoin?startapp=E3M33w
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
Жалап берем постельде опыпныймын и секрет кармайм.
Уялбай жазгыла.