Базар күнү болчуу...
Апам базардан келип ,баарыбызга алып келген базарлыктарын көрсөтүп,шириндиктерин берип олтурган....
Бир туугандар акем, эжелерим,мен баарыбыз жыргап ,апам алып келгендерден жеп отурганбыз.
Мен анда 6- 7 жашта болсом керек эле ...
Эжем, акемдер мектепке барышчуу.
Апам корзинкасын ачып бир нерсе издеп жаткандай ,чукуланып калды.
Бизге бербей калган дагын бир демкеси бар гоо- деген ойдо, баарыбыз апамды колун карап калдык.
Корзинкадан эмне сууруп чыгаар экен - деп .
Бир убак апам муштап алган колун сууруп чыкты да алаканын ачты.
Телмирип турганбыз, баарыбыздын көзүбүз апамдын алаканындагы шакекке тушту.
Апам жаай , шашпай сүйлөгөн аял болчуу.
Адатынча шакекти бизге көрсөтүп ,базардан таап алдым,бирөөнүн бармагына чоң келип түшүрүп алган окшойт - деди.
Эжелерим, апа беринизчи тагып көрөлү дешип ,апамдын колунан шакекти алышты.
Аларга эки акем кошулду.
Башында - бири тагып ,экинчисине берип ирети менен көрүп жатышкан.
Чоң акем тагып көрдү да , алтын экен номери турат - деп айтып калды.
Чоң эжем кана мен номерин көрбөдүм деп ал колго алды.
Ошентип олтуруп, апа мага бериң , апа мага бериң -деп чурулдашып ,талаш тартыш күчөдү ...
Акем эжемдин колун кайрып ,шакекти чечип алды.
Эжем акемдин чачынан колун чыгарбайт...
Үйдө чооң эле жаңжал башталып кетти.
Апам экообуз карап эле олтурабыз , эмне менен бүтөөр экен деп.
Акем ,эжеме бир убакта берген сумкасын кайтарып бер десе.
Эжемдин бирөөсү ,көйнөгүңдү жууп бербейм мындан кийин - деп ал коркутат .
Акыры апам баарын оозун жапты....
Бир болбогон шакекти деп, жаңжал кылып жатасыңарбы?
Карап отурсам ,бир тууган экениңерди да унутуп койдуңар, уяты жоктор.
Силерди карап ,мен уялып жатам.
Ушул балдарды мен тууганмынбы ? - деп.
Туура тарбия бере алган эмес окшоймун силерге ...
Апам ошол куну балдарынан аябай капа болгон.
Акыры шакек апам олтурган жердеги, дасторкон чекесинде туруп калды.
Ошол боюнча ошол шакекти кайра көрбөдүк, сураганга болсо эч ким батынган жок.
Ошол күндөн баштап , бала сезимим менен Алтын деген жаман нерсе турбайбы, аз жерден бир туугандарым чабыша кете жаздады - деп ойлоп калдым.
Бала учурдагы көргөн ,билген таасир берген нерселер эстен чыкпай калат деген сөз туура экен.
Алтын буюм көрдүм дегичекти , ошол балалык учурдагы көрүнүш көз алдыма тартыла түшөт .
Өзүм да чоңоюп Алтын буюм алып тактым ,бирок бирөөлөргө суйунуч алып келчуу алтын буюм эмнегедир мага суйунуч алып келбейт.
Мага алтындын кымбатты жок.
Туугандардан бирөөсү суктанып карап калса, чечип кармата салам. Бир жаман нерсенин алдын алгандай.
Алтын жөнүндө бир окуя болуп өткөн...
Тойдо отурганбыз ,сегиз аялды бир тегерек столго отургузушкан.
Жанымдагы аял менен жылуу сүйлөшүп отурганбыз ,калгандарды күтүп.
Бир убак каткырыгы таш жарып үч аял кирип келишти да , силердин столуңарга бөлунупуз - деп жаныбыздан жай алышты.
Баягылар келип отурганда эле,жанымдагы аялдын тынчы кетип, сүйлөсөм жооп таппай калгандай дудуланып жатты.
Эмне болду бул аялга ,азыр эле кызуу сүйлөшүп отурбадык беле деп ,себебин түшүнбөй калдым....
Бир убак тааныйсыңбы бул аялдарды ?- деп сурадым.
Ал жок - деди.
Анда эмне ,кысынып тынчың кетип жатат ? - деп сурадым.
Ал аял мени бир карады да ,аларды караң да мени караң - деди.
Мен ал үч аялды анан жанымдагы аялды карадым.
Эч нерсеге түшүнбөдүм....
Желкемди кысып койдум, эч нерсе түшүнгөн жокмун дегендей.
Ал аял мага бир карап алды да, былтыр менин да алтын сөйкөм , шакектерим бар болчу.
Келиним ооруп больницада узак жатып калды.
Балам колунда бар малын сатты...
Мен да бергени эч нерсе таппай, сөйкө шакектеримди сатып ,акчасын балама карматкам - деп сөзүн аяктады.
Сөздүн төркүнүн эми түшүндүм да , баягы үч аялды эми көрүп жаткандай, көңүл буруп карай баштадым.
Бирөөсүнүн колунда жети шакек, сөйкөсү тим эле Бриллиант көзү бар,көздүн жоосун алат.
Экинчисинин колу да толтура шакек, он беш бармак болгондо аны да толтурмак...
Мойнундагы тросу ит байласан да болчудай жоон чынжыр.
Үчүнчүсү да алардан калышпайт, ал күлгөндө оозунда фонарь кармап тургандай жарк дей түшөт.
Оозу толо алтын тиш
Жанымдагы аял,колунда бир гана нике шакеги менен, кийими да жупуну .
Мага башка жерден эле оорун бербептир - деп кудуранып койот
Мен ошондо ,жаштыгымдагы окуяны эстедим.....
Ал аялга карап, кичирейбей тынчтанып олтур.
Алардын сырты алтын болсо ,сен озуң куйма алтынсын дедим .
Алар сенчилеп келинине жан куйдурө турган аялдарга окшобойт.
Сүйлөгөн сөздөрүнөн эле байкасаң болот.
Башыңды жогору кармап, көңүлдүү олтур ,мен сен тарап - деп тамашалап, аны бир аз көңүлү ачылганын көрүп өзүм да сүйүндүм..
Алтын ушул жерде да бир кыжаалатчылыкты баштаганы үчүн , жаман көрүнүп жатты...
Зуура. 2024ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2