Предыдущая публикация
Жароокерим, жаным менин ардагым,
Жүрөгүмдү бүтүн сага арнайын.
Жолугалы, эл көрбөгөн бир жерден,
Сага арналган ак сүйүүмдү айтайын.
Кучактайын, аста сылап белиңден,
Бетимди албай алоолонгон бетинден,
Сүйөмүн деп кулагыңа шыбырап,
Сүйлөгөнчө сүйүп сенин эрдиңден.
Тиктешели, көздөр көзгө чагылып,
Сен жалынып, мен да сага жагынып.
Көкүрөктөр бир бирине тирелип,
Жүрөктөрдөн сүйүү турсун агылып.
Арзуум менин, кучагымды ачайын,
Берчи колуң жүрөгүмө басайын.
Сүйөрүмдү бир өмүргө далилдеп,
Оң колуңа алтын шакек тагайын.
Мени сүйсөң, сенден артык мен сүйүп,
Өмүр суусу түгөнгүчө жашайын.
Автор: Жыргалбек Усенов. 27.11.2024.
19:14 Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9