Предыдущая публикация
Өмүрдүн агып жаткан деңизинде,
Жай сүзүп бара жатам кемесинде.
Толтуруп эргүү менен жүрөгүмдү,
Ар убак ырлар жашайт сезимимде.
Көп ирет сыноолорго кабылгамын,
А бирде жыгылгамын, жаңылгамын.
Өткөн күн кубанычтуу, кайгылуу да,
Ыр болду, ошол ырга катылгамын.
Кыйноосун, сыйын дагы көп көргөмүн,
Пендеминда, кээ учурда өзгөрөмүн.
Бир гана өзгөрбөстөн бир калыпта,
Өмүрдү ырым менен өткөрөмүн.
Күйүтүмдү ыр менен басып келем,
Жашоомду ырлар менен жасап келем.
Кандай күн, кандай жолго кабылсам да,
Ыр менен бул өмүрдө жашап келем.
Бакытым, ырысым да, сүйүүм да ыр,
Бир өмүр ырым менен жашай берем.
Автор: Жыргалбек Усенов. 27.11.2024.
12:56 Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7