Калыптыр бир топ эле, сезимим жараланып,
Көзүмдөн жаш куюлат жаагымдан салааланып.
Бүгүн да эмнегедир уктабай таңды тостум,
Бул адат улам күчөп, тез тезден кайталанып.
Билбеймин кандай оору, жашоомду тооруп алган,
Баратам күндө соолуп, адамдай ооруп калган.
Өзүмө суроо берем эмнеге, эмнеге? деп,
Угулбайт көөдөндөн үн, жаңырык коштоп турган.
Калгансыйм аска-зоонун, карангы үңкүрүндө,
Жүрөгүм үзүлчүдөй, бат согуп жүткүнүүдө.
Белгисиз жакты көздөй, чакырып жаткан сымал,
Угулбайт жаңырган үн, көөдөндүн түпкүрүндө.
Оорусу жүрөгүмдүн, кайрадан козгоп турат,
Көзүмдөн жаш куюлуп, жан дүйнөм боздоп турат.
Көөдөнүм бопбош калды, ээнсиреп эч несе жок,
Бир үн бар угулбаган, жанырык коштоп турат.
Көөдөндүн боштугунан, журөгүм ыйлап турат,
Угулбай жаңырган үн, жанымды кыйнап турат.
Автор: Жыргалбек Усенов. 26.11.2024.
04:48 Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3