Мыкты инсандын балдары!
Мектепте окуганымда Максат деген эжекем болчуу эле."Төбөмө төрттү коюп окуткан эжекем,чындыгында экинчи энекем!"- болчуу эле.Ал окутканы үчүндүр балким кыргыз тилди жакшы өздөштүрдүм, жалаң бешке окудум.Жол таппай,ойго чөгүп калганымда Максат эжекемдин сөздөрүн жана дагы балдарын эстейм.Бир күнү линейка болду мектепте ал линейкада Максат эжекемдин кызы Меркурий эже олимпиадалардын биринчи орунду алып жатканын эртеси дагы олимпиаданын акыркы туруна катышаарын айтып, ийгилик каалашты.Бардык окуучулар кол чаап турушат. Ошондогу Меркурий эженин узун чачын бирге өөрүп желкесине таштап алган сулуу жүзү эч эсимден кетпейт.Ошондо мен 5-класста окуйт элем.Абдан суктанып турдум Максат эжекемдин кызына.Максат эжекем ооруп жүргөн ошол убактарда.Ошентип кеч кирип таң атып биз мектепте жүрсөк,кечээги биз куттуктап,ийгилик каалап жаткан эжекемдин узун бойлуу ай чырай кызы каза болгонун айтып калышты.Меркурий эжени жайга коюу аземине окуучуларга мүрзөгө чейин тизилип узаттык.Ошол күнү жан дүйнөм жанчыла көзүмдөн катар катар жаш агып жатты ал эжени жакшы деле билбейм биздин көчөдө жашаса да бирок ошол күнү линейкада ошол эжедей мыкты болгум келгенда.Кече көргөн эже каза болгонун тушунушда,ишенишда мага абдан кыйын болду.Ошентип арадан күндөр өтүп Меркурий эженин өткөнүн эки ай болгондо апасы Максат эжекем каза болду......Максат эжекемдин Асель,Меркурий,Азамат,Эркинай,Үрүстөм деген балдары бар эле.Меркурий эже каза болуп,Максат эжекемда дүйнө салды. Асель эже,Азамат аке,Эркинай менен Үрүстөм калды.Максат эжекенида окуучулар тизилип жайга узаттык,абдан өкүнүчтүү болду мен үчүн ыйым токтобой,же көзүмдүн жашын токтото албай мүрзөдөн алыстай албай турдум.....Арадан кундор отуп жаз келип Нооруз болуп коңшү жашаган Рахат эжекенин үйүндө сүмөлөк кылдык.Жардамга барсам эжекемдин баласы Азаматке журуптур.Чоңдордун сөзун уктум,угушума караганда Азаматке,Эркинай,Үрүстөмдү Рахат эжеке карап жатыптыр анткени Асель эжеда эсин жоготуп ооруканада экен.Арадан күндөр өтүп Эжеси ооруп,дагы бир эжеси өтүп,апасы каза болгону жетпегендей короосунан да кокусунан өрт чыгып күйүп кеткенин уктум.....Анан калса Асель эжени,Азамат байке,Эркинай,Үрүстөмдү тагалары Бишкеке алып кетишкенин уктум.Ошондон кийин оюм ошол бир туугандарда болду.Кудайымдан аларга жаркын келечек тилеп жүрдүм.Эми арадан 12жашымда уккан окуямдын уландысын 16жыл өтүп төркүнүмө ооруп барып, даарыланып жүргөм.Бир күнү даарыланганы шаарга баратсам Азамат аке машинасына салып таштап койду.Жолдо баратып сурадым калган бир туугандарын.Асель эже турмушка чыгып Бишкекте иштеп жатканын,Азаматке жакында үйлөнөрүн,Эркинай Арабияда,Үрүстөмдү дагы бир мамлекетте жүргөнүн айтты....Ошондо ойлондум ар бир баласы жашоодон жакшы орун табышты,бул ла болсо мыкты инсандын балдары экенин билдирет!- деп ойлонуп калдым....Бул болгон окуя,ал эми арабызда ушул мыкты инсан Мексат эжекемдин балдары мыкты жашап жатышат!!! Максат эжекемдин,Меркурий эженин жайын Аллахым жаннаттан берген болсун!!!! Калган балдары эжекемдин атын,мекенибизди дүйнөнүн булуң бурчуна таанытышат деген ишенимдемин!!!!!🤲🤲
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10