Кызыкмын өзү деги, тамаша айткым келет,
Бирөөлөр чындап алып, тамашам жакпай келет.
Оорутуп көңүлдөрүн, аларды капа кылбай,
Эч нерсе айтпай деле, сүйлөбөй койсом кантет?
Чынында чала мага,
Сүйлөгүм келе берет,
Айтсаңчы, болсоңчу деп, бир сезим айта берет.
Бирөөгө жакса сөзүм,
Бирөөгө жакпаса да,
Жалжактап сүйлөй бербей, үндөбөй койсом кантет.
Чындык деп чыркыраймын, күрөшүп турмуш менен,
Жалганды жеңе албай, келемин арман менен.
Жеңилип баратамын, жөн эле жүрсөм окшойт,
Чарчадым чынында мен, алышып жалган менен.
Ыр жазсам чын жүрөктөн, берилип жазгым келет,
Кээ бирлер өзүнө алып,
Көп нерсе айтып келет.
Ар кимдин айткан сөзүн, ар убак уга бербей,
Жөн эле жашай берип, ыр жазбай койсом кантет.
Ак жерден күйүп турам, жалган сөз, ушак тарап,
Чындыкты таба албай, жан дүйнөм турат сыздап,
Алыска сапар тартып, жалгыз мен кетсем кантет?
Колумду шилтеп коюп,
Баарысын кечип таштап.
Собол көп, а бирок жообун таппайм,
Туңгуюк, караңгылык жашоомду келет каптап.
Автор: Жыргалбек Усенов. 25.11.2024.
19:18 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8