Предыдущая публикация
Арзыдың мага, алоолоп жандың,
Арманга көлкүп толбосоң экен.
Аттиң ай бекер сүйүпмүн деген,
Адашууң сенин бобосом экен.
Үмүттүн жибин, уладың жаным
Үзүп мен аны, койбосом экен.
Өксүтүп сени, азапка салып,
Өкүнүчүң сенин болбосом экен.
Сүйүүдөн курган, бакчаңда сенин,
Сен менен бирге ойносом экен.
Санаага салып, саргайтып жүзүң,
Сагынычың сенин болбосом экен.
Жанаша басып, махабат көлүн,
Жээгинде бирге бойлосом экен.
Ашыктык гүлүн соолутсаң мейли,
Арманың сенин болбосом экен.
Жактырбай кетсең, көңүлүң калып,
Жек көрүүң сенин болбосом экен.
Автор: Жыргалбек Усенов. 23.11.2024.
10:32 Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9