Предыдущая публикация
Туугандар, туушкандар.
Жер талашып урушкандар.
Уул кызың тишин кайрап,
Чабышам - деп жулунгандар.
Ата - Энебиз тирүү кезде
Кучакташып уктоочу элек.
Ызы кылса ,коңшу колоң
Болушууга шай турчуу элек.
Эмне болду, эмне өзгөрдү ?
Ата -Энебиз көзү өттү
Бир туугандар алыстадык.
Бөлүшө албай ,өлүк мүлктү ...
Көр дүйнөнү кубалабай,
Жүрөккө кек уялабай.
Эсиңерге келгилечи !!!
Көрсөткүлө сыйдын күчүн
Ата - Энебиз арбайы үчүн .
Зуура .2024 ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1