Предыдущая публикация
Санаага батып, саргарып келем,
Сезимге тынчтык таба албай келем,
Көтөрөөр көңүл, шаңдуу ырларды,
Кантемин билбейм, жаза албай келем.
Жанчылат денем, тумчугуп турам,
Жүрөгүм ооруйт, кусадан улам.
Арзыган менен жароокер жанды,
Ашыктык ырын жаза албай турам.
Талыкшып денем, кайгырып турам,
Тарабай турат айланам туман.
Буулугуп кээде, өзүмдөн өзүм,
Бакыттын ырын жаза албай турам.
Алоолоп оттой жана албай турам,
Аргамды азыр таба албай турам.
Муз тоңгон көөдөн ээрибей турат,
Махабат ырын жаза албай турам.
Көкүрөк бүтүн, муңга толуптур,
Кубаныч ырын жаза албай турам.
Автор: Жыргалбек Усенов. 07.11.2024
14:22 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
Дуйнөөң таза, журөгүң сезимтал , коңүлүң назик жан экениң ырларыңдан байкалып турат.Ийгилик каалайм.
узулуп жерге тушуу жалбыракка, сизге эмес.
Кайгырып кусаланып жашын тогуу кок асманга
сизге эмес.
Антпениз акын ага,
капаланып чокпонуз.
Бурушуп арман айтуу сизге эмес,чалдарга.
Алдыда коп жазылат ырларыныз,
жан эргиткен шайыр шандуу.
Айтышатго акын журок
кылымдарда карыбайт.
Дал ошондой карыбаныз чокпонуз.
Кылымдарга ырларыныз журоберсин жар салып,
даназалап ак суйуунун кучун анан
жашоодогу маанисин.
Журогун эмне аралап өтсө, илхом деген тынч койбойт....
Акыры келип ыр төрөлөт ....
Канча ,,толгоолордон " кийин .....