Предыдущая публикация
Сулуулук жок, менде такыр арбаган,
Көздөрүмдө от деле жок жайнаган.
Канчалаган кыздар чанып кетти эле,
Сага жагып калганыма таң калам.
Чачымды ак, бетти бырыш каптаган,
Же сөздөрдү жөндөп туура айтпаган,
Түнт адаммын сүйлөбөгөн чечилип,
Жактырып сен калганыңа таң калам.
Көпчүлүгү сүйлөштү эле жалгандан,
Калп күлүшүп, ушак айтып аркамдам.
Кээ бирлери, тоготпостон кетишсе,
Сенин мага күйгөнүңө таң калам.
Бир пендемин, бар болгону ыр жазган.
Сырымды да, эчким адамга айтпаган,
Шыңга бойлуу, узун деле эмесмин.
Кантип сага жакканыма таң калам.
Менин ушул келбетиме карабай,
Мени сүйүп калганыңа таң калам.
Автор: Жыргалбек Усенов. 28.10.2024.
13:52 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Кийинчерек ,мындай сулуу уул ,кыз менден торолдубу ? - деп ,тан калып жур. Балдарынды суйуп жытаган сайын