Бүгүн да эмнегедир уйкум качып,
Олтурам арнап сага ырым жазып.
Суйкайган сенин сулуу элесиңди,
Ыр менен өчпөс кылып сүрөт тартып.
Ашыктык улам мага жайып торду,
Сүйүүмдүн сага деген орду толду.
Өзүңө арнап менин жароокерим,
Ыр жазып анан уктоо адат болду.
Үмүттү улап турган сүйкүм элес,
Ойлоймун жаным сени, өзүмдү эмес.
Арзуудан пайда болгон бул ырымды,
Жаздым мен жүрөгүмө, дептерге эмес.
Бир басчу ак суйүүнүн ачып жолун,
Тизмектеп түрмөгүнөн асыл ойдун.
Жогутуп дептеримди албайын деп,
Ырымды журөгүмө жазып койдум.
Сүйүүмдү күбө кылып ушул түнгө,
Жашайсың дайым бирге бул өмүрдө.
Жүрөктө жүргөн сага дем болсун деп,
Ырымды катып койдум жүрөгүмө.
Автор: Жыргалбек Усенов. 20.10.2024.
02:09 Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3