Предыдущая публикация
Арбалып барам күндө ак сүйүүгө,
Ар деген жок экен го бул сүйүүдө.
Жалбырттап жалын болуп жанып турат,
Жазыксыз жалындаган жүрөгүмө.
Сезимди сизге болгон эч сезбейсиз,
Сары оору кылып мени кенебейсиз.
Жан дүйнөм өзүңүзгө тартып барат,
Жактырып калдым десем эмне дейсиз?
Кусалык күндөн күнгө күчөп дайым,
Кубарып жүзүм барат, жүрөк жалын.
Махабат ушунчалык азап экен.
Муңкантып ыр жаздырып кыйнап жаным.
Сиз неге айтыңызчы кенебейсиз,
Сүйүүмдү сизге болгон элебейсиз.
Арзуумду арнап ырга жазып келем,
Ашыкмын сизге десем эмне дейсиз?
Махабат отун жагып өчпөс кылып,
Мен сизди сүйөм десем эмне дейсиз?
Автор: Жыргалбек Усенов. 28.09.2024.
22:05 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
Изде мени капалыктын талаасынан
Издебегин мени баягыдай
Асмандагы жылдыздын арасынан
Бир озунсуз капалыка батып алгам
Тунт болуп журогумду катып алгам
Бир озунсуз билесинби кирпик какпай
Уйкусуз тун Уйкусуз тан атып калган
Сузуп келем сагынычтын кемесинде
Жашап келем жалгыздыктын жергесинде
Кайрылат деп алыстагы махабатым
Куто берем сезимдин сересинде