Ашыкча салмак менен күрөшүүгө эң мыкты азык
Жогорку көрсөткүчтөгү калориясына карабай арыктоодо натыйжалуу азык. Диетологдор да көп учурда бул азыкты сунушташат. Ал ичегилерди тазалап, заңданууну нормалдаштырып, табитти басаңдатып, ачкалык сезимин жоготот. Суу, тузду нормалдаштырууга көмөкчү болуп, зат алмашууну жакшыртат. Күн сайын негизги тамакты жээрдин алдында 5-6 мөмөсүн жесе, тамакка болгон тартылууну басаңдатат. Печенье менен момпосуйдун ордуна жеп турса эң жакшы.
1-диета. Кургатылган кара өрүктүн данексиз 10 мөмөсүнүн үстүнө кайнак суу куюп жумшартып, 1 литр майсыз кефирди кошуп блендерде аралаштыруу керек. Алгачкы эки күндө суюктук эрте мененки, түшкү жана кечки тамактын ордуна үч маал ичилсе, кийинки күндөрү кечки тамактын ордуна ичилет. Мындай оор жумалар бир ай бою уланат, өз салмагыңызга келгениңизче калориясы жогору тамактардан баш тарта турганыңыз оң. Ушул эле суюктукка кебек да кошуп алсаңыз, ичегилериңизди абдан сонун тазалайт.
2-диета. Ашыкча салмагынан батыраак арылууну каалагандар кургатылган кара өрүк менен үч күндүк диетаны кармаса, 3-4 килограммга арыктайт. Ар бир 3 саат сайын 5-6 мөмөсүн жеп, башка эч кандай тамак жебеши шарт, сууну каалагандай иче берсе болот. Бул диета организмдеги шлактарды щётка менен тазалаган сыяктуу тазалап чыгат.
3-диета. 7 күндүк диета. Эрте менен 100 г гречка боткосу (же башка) менен 1 даана кургатылган кара өрүк, көк чай ичебиз.
Күндүн биринчи жарымында - 1 даана кургатылган кара өрүк, 1 стакан кефир.
Түшкү тамак - майсыз шорпо, гарнири менен каалаган жашылча, 100 г эт же балык, кургатылган кара өрүктүн компоту.
Күндүн экинчи жарымында - 1 даана кургатылган кара өрүк, 1 стакан кефир.
Кечки тамакта – кургатылган кара өрүк, жемиштер менен салат, 1 стакан кефир, каалаган белоктуу азык (эт, балык), йогурт менен кургатылган кара өрүктөн коктейль.
Жыйынтыгында 7 күндө 2-4 килограмм салмак таштоого болот.
Ден соолукта болуңуз оорубаңыз
![🤲](https://st.okcdn.ru/static/emoji/14-0-0/20/1f932@2x.png)
Комментарии 3