КИРИШ СӨЗ
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен баштаймын!
Эң алгач, ааламдардын Жаратуучусу, ырыскы Берүүчүсү жана аны көзөмөлдөп Башкаруучу – Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун. Анын Элчиси жана Пайгамбары Мухаммадка Аллахтын салам-салаваттары болсун. Ошондой эле Пайгамбардын үй-бүлөсүнөн, сахабаларынан жана кыяматка чейин акыйкат жолдо аларга ээрчигендерден Аллах Таала ыраазы болсун.
Үй-бүлө – коомдун бир бөлүкчөсү болуп саналат. Ошондуктан коом мына ушул үй-бүлөлөрдөн куралат. Үй-бүлөдө канчалык ынтымак болсо, анда коомдо да ошончолук биримдик күчөйт. Үй-бүлөдө балдарга берилген туура тарбия – коомдогу биримдикти күчөтөт. Ал эми үй-бүлөдөгү тарбиянын начар болуусу коомдун өнүгүшүнө жолтоо болот. Мына ошондуктан катардагы бир үй-бүлөдө болгон көйгөй бүт коомчулуктун да көйгөйү болот. Үй-бүлөдө балдардын тарбиясына кош көңүл мамиле кылынса, анда алардын тарбиясыз чоңоюшуна жол ачылат. Ошондуктан коомдун өзөгү болгон үй-бүлөнү бекемдөө үчүн таалим-тарбияга терең көңүл бөлүү зарыл.
БАЛА ТАРБИЯЛООНУУ БАШТОО УБАКТЫСЫ
Баланы тарбиялоо – үй-бүлө куруудан мурун башталат. Үй-бүлө курууда эркек да, аял да ыйманына карап жубай тандап, баш кошушса, анда алар бала тарбиялоодо эң негизги шартты аткарган болот. Мисалга алып айтсак, үй-бүлө жер сыяктуу. Жерден мөмөлүү дарактар өсүп чыккандай эле үй-бүлөдөн да келечекти куруучу балдар пайда болот. Эгерде үй-бүлөдө баланын тарбиясына терең көңүл бурулуп, туура багыт берилсе, анда бала мөмөлөгөн дарактай түшүм берет. А эгер балага тарбия берүүгө кош көңүл мамиле кылынса, анда куураган дарак түшүм бербеген сыяктуу, бала да тарбиясыз болуп чоңоёт.
БАЛА ТАРБИЯЛООДО АТА-ЭНЕНИН ОРДУ
Таалим-тарбия берүүдө ата-эне негизги ролду ойнойт. Анткени ата-эне – үй-бүлөнүн эң негизги устуну. Эгерде бул эки устун бекем болсо, анда үй-бүлө да бекем болот. Мына ушундай бекем үй-бүлөдөн ыймандуу, адеп-ахлактуу балдар чыгат. Ислам дининде бала тарбиялоодо ата-эненин милдеттери жана жоопкерчиликтери өтө көп. Үй-бүлөдө ата-эне балдарына тарбия берүүдө аларды уул-кыз дебей, улуу-кичүү дебей ар бирине бирдей көңүл бөлүп тарбиялоосу зарыл. “Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей балдар таалим-тарбияны эң биринчи ата-энеден гана алат.
Үй-бүлө өзүнчө бир чоң аалам. Ошол ааламдын ичинде тарбия алган бала коом менен толук аралашпай туруп, коомдогу өз ордун табат жана келечегине даярданат. Кайсы гана бала болбосун ал коомго толук аралашуудан мурда ата-энесинен гана тарбия алат. Андан соң ал коомго аралашып баштаганда гана сырттан да тарбия алат. Баланын жекече ой-жүгүртүүсүнө, жашоодо туткан жолуна жана эл менен аралашуусуна ата-эне жоопкер. Ата-эне балага башынан туура багыт берсе, анда ал келечекте туура багыт алат. А эгер балага туура эмес багыт көргөзсө, анда ал сөзсүз адашат. Ошол себептүү бала – ата-энесинин дининде болот деп айтылган. Пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:
كل مولود يولد على الفطرة فأبواه يهودانه أو ينصرانه أو يمجسانه
«Ар бир наристе таза табиятта төрөлөт. Кийин аны ата-энеси яхудий кылат, же христиан кылат, же мажусий кылат».
Пайгамбарыбыздын бул хадиси – бала тарбиялоодо ата-эненин таасири өтө чоң экендигине ачык далил. Баланын кулк-мүнөзүнө, аң-сезимине анын ата-энеси чоң таасир берет. Анткени бала эң биринчи ата-эненин кол астында чоңоёт. Дүйнөнү ата-энеси аркылуу тааныйт. Ата-эненин кулк-мүнөзү, ишеними акырындык менен балага өтөт.
Ислам дини балдарга тарбия берүүгө терең көңүл бөлөт. Анткени жакшы таалим-тарбия берүү баланы тууралыкка, кулк-мүнөздүүлүккө багыттайт. Ошентип балага тарбия берүүгө терең көңүл бөлүү жана көзөмөл кылуу менен коомдо сапаттуу үй-бүлөлөр курулат.
Санжарбек Тыныбек уулу
_______
©ИсламОнлайнKg
– Ok.ru/islamonlinekgz – Facebook.com/islamonlinekg – Instagram.com/islamonlinekg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20