Ибн Аббас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) айткан: “Чындыгында, ким адамдарды жакшылыкка (шариаттык илимдерге) окутса, ал адам үчүн жер бетиндеги ,керек болсо деңиздеги ар бир макулук Аллахтан кечирим сурап турат”. Бул сөздү Абу Хайсама Ибн Аббастын шакирти Саид ибн Жубейрден келтирет ал сахих: «Китаб ал-ильм», № 6.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: “Адамдарга менден бир аят болсо дагы (укканыңарды) жеткиргиле” («Сахих ал-Бухари», хадис № 3461).
Ошондой эле Ибн Аббас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт: “Силер угуп жатасыңар, жана силерден башкалар угат, жана алардан да кимдир бирөө угат” («Сунан Абу Дауд», 3659).
Башкача айтканда илим ушундай жол менен таралат, илим ээлери аны башкаларга жеткириши керек.
“Илим алып жатканга жана бир гана илим алып жатканга эмес, Сүннөттөн бир нерсени билип калган ар бир адамга ар бир ыңгайлуу учурда адамдарга түшүндүрүү зарыл. Жана “Мен аалым эмесмин да” дебе. Ооба, сен аалым эмессиң, бирок сенде илим бар. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: “Адамдарга менден бир аят болсо дагы (укканыңарды) жеткиргиле”. Пенде мындай иштерде келген ыңгайлуу учурду колдонуп калышы керек. Сүннөттү таркатууга мүмкүнчүлүгүң пайда болоору менен аны тарката бер, ошондо сага таркатканың үчүн сооп берилет, ошондой эле сенден алган илимге амал кылгандар үчүн Акыретке чейин да сооп берилет”. («Шарх рияд ас-салихин», 4/215, хадис № 741).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев