Юсуф ибн Хусейн ар-Рази айткан: “Бул дүйнөдө жетүүгө эң кыйын болгон нерсе – бул ыкластуулук. Мен бир нерсени эл көрсүн үчүн аткаруу каалоосун жүрөгүмөн жулуп салууга канча күч коротсом да, ал келбетин өзгөртүп, кайра күчөйт”. Мутарриф ибн ‘Абдуллах болсо Аллахка мындай дуба менен кайрылаар эле: “О Аллах, сага тооба келтирип, бирок аларды кайра аткарган күнөөлөрүм үчүн Сенден кечирим сурайм жана Сага атакарам деп убада кылып, бирок аткарбай койгон нерселерим үчүн кечирим сурайм, жана бир гана Сен үчүн аткардым деп аткарып, бирок ага Сага гана маалым нерсе (рия) аралашып кеткен амалдарым үчүн кечирим сурайм!”. Ал эми Суфьян ас-Саури мындай деген: “Мен үчүн баарынан кыйын ниетимди көзөмөлдөө эле, анткени ал ар дайым өзгөрүп, буйтай берет”. Юсуф ибн Асбат бул боюнча мындай деген: “Бир амал аткарып жаткан адам үчүн ниетин ар кандай бузукулуктардан тазалоо көп күч коротууга караганда оорураак”. Нафи‘ ибн Жубайруга адамдар: “Сен жаназа намаз жана адамды жерге берүүгө катышканы барасыңбы?” деп кайрылышканда ал: “Койо тур, ниет кылып алайын” дейт да, бир аз ойлонуп туруп “Кеттик” деп жөнөйт” Жами‘ул ‘улуум вал хикам.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев