Шейх ‘Абдур-Рахман ас-Са’ди (Аллах аны ырайымына алсын) айткан: “Жалган дүйнөлүк байлыкка жана анын жыргалчылыгына батып жаткандарга суктанба. Даамдуу тамак-аш, жыпар жыттуу ичимдиктер, кооздуктар, заңгыраган үйлөр, сулуу аялдар – мунун баары жердеги өмүргө алдангандарды суктандырган жалган дүйнөнүн жалтырактары. Алар жалган дүйнөлүк жыргалчылыктар менен алданышып, акырет жашоосунан жүз бурушат, анткени алар заалымдар. Аз гана убакыттан кийин бул жыргалчылыктар бүтөт, ал эми жер бетиндеги кооздуктар жок болот. Ошондо жалган дүйнөнү сүйгөндөр куурашат. Сот Күнү келгенде ал адамдар өзүлөрүнүн абалы абдан начар экенин, жалган дүйнө кооздуктары утурумдук жана убактылуу гана болгонун, алар адамдардын кимиси жок болуучу кооздуктарга кызыгып, кимиси сооп амалдарды аткаргысы келгенин көрсөтүш үчүн болгон азгырык жана сыноо гана болгонун тушүнүшөт. Улук Аллах айтат: “Биз алардын кимиси жакшыраак амал кылаар экен деп сынаш үчүн жер бетиндеги нерселерди жерге зыйнат-көрк кылдык. Биз албетте жер бетиндеги нерселерди өлүк топуракка айлантып койобуз” (Кахф сүрөсү: 6-7). “Тайсирал-Карим ар-Рахман” 249
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев