Ушул жазда иштеген ишимден Баткен областына алыскы айылдарынын бирине барып алты ай иштөөгө туура келди. Ар бир үйдүн морунан түтүн чыгып сырттан караган адамга жашоо өз нугунда өтүп жаткандай сезилет. А бирок, үйлөргө баш баксаң күтүү, ажырашуу, ый менен мууң, күйөөсүз кош бойлуу кыз жана балдардын тирүүлөй жетим, аталардын кароосуз жардамга муктаж болгонун көрөсүң. Эң өкүнүчтүүсү ишке жарамдуу, үй бүлөө күтүп балалуу болчу жаштар иштегени Москвага, Казакстанга чыгып кеткен. Айылда ымыркайлар, эмчектеги баласы бар келиндер жана мектеп жашындагылар калган. 4 небересин багып чоңойтуп жаткан карыган кемпир чалга кошуна болуп жашап калдым. 2 небереси калп айтпасам 2-3 класста мектеп жашында окууган кыздар. Калган эки небереси 4-5 жашка чыгып калган бал тилдүүлөр. Кошуна болгон соң кол алышып учурашып, тааныштым. Ошондо ал-күчтөн тайып, карылыкка моюн сунуп калган ата кол арага жарап калган неберелеринин апасы эки жыл мурун Москвага кеткен баласынын артынан кеткенине бир жылдан ашып калганын айтып кеп салган. Жашоонун өйдө ылдый агымы менен агылып олтуруп бир ай тез эле өтүп кетти. Иштен келе жатканымда алдымдан тосуп чыккан кошуна ата “Айланып кетейин кел үйгө кирип, биз менен божурашып чай ичип кет. Тиги Москвадагы балам менен келиним татуулардан, бала-чакасына кийим берип жибериптир. Иштери жакшы окшойт. Жалгыз балам жанымда болсо экен дегеним менен көр тирлик аны Москвага айдап кетти. Эми эки жумада бир телефондон сүйлөшкөнүбүз болбосо, анын кандай күндү башынан кечирип жатканын кайдан билем. Апасы экөөбүз амандыгын тилеп отурабыз”,-деп кудуңдап сүйүнүп үйүнө чакырды. Келин баласынын жакшы иштеп жатканына кубанган ата беш кыздан кийин жарыкка келген жалгыз уулу, тукумумду улар жалгызым деп ичинен балдары чоңоюп калган баласын экрелетип койду. Айылдагы жашоо ушунусу менен кызык эмеспи. Биринин үйүнө бири кирип чыгып, жакшы жаңылыктарын бөлүшүп, бирине бири кол кабыш кылып айтоор айыл эли ынтымактуу. Бул күн да өттү. Таңдан ишке кетип түш оогондо кайтып келем. Адатагыдай иштен кайтып келе жатып атанын үйүнөн ачуу кыйкырык, короо толгон кишилердин ары-бери чуркап жүргөнүн көргөндө дене боюм калтырай, жамандыкты сезгендей муундарым калтырай түштү. Үйгө кирбестен түз эл кошуна атанын короосуна баш багып обочороокто турган эки байкеге барып абал менен тааныштым. Жалгызым деп эркелетип жаткан уулун Москвадан тоноп, өзүн өлтүрүп токойго таштап кетиптир. Келини ээсин жоготуп ооруканага түшкөн экен. Кобурашкан эки киши былтыр кызынын күйөөсүн машина коюп Москвадан сөөгү келгенин кошумчалап калышты. “Обсуждаем будущее страны” группасындагы тагдырларды окуп мен дагы силер аркылуу президентке кайрылууну туура көрдүм. Айыл жерлерин өнүктүүрүп, завод-фабрикаларды курса жалгыз уул-кызынан ата-энелер ажырабайт беле? Келиндер жесир балдар жетим калбайт беле? Ынтымактуу үй бүлөөлөр эки жолго түшүп ажырашпайт беле? Журт атасы айыл-чарбаны өнүктүрүп, айыл жерине чакан завод-фабрикаларды куруп элди иш менен камсыз кылуусун суранам!!
#Алгакыргызалга#Кыргызэлималга
#Жаңымамлекетбашчыныиздейбиз
#Кыргызстандынкелечегинбиргеталкулайлы
#Кыргызымдынкелечегибизбиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев