биргемин!
Эртен менен ишке бара
жатып Васильева көчөсүнүн жана биздин үйдүн жанына ташталган таштандыны көрүп
ззеним кейиди. Ушул көрүнүштөн улам төмөндөгү посту жазып, элди тазалыкка
чакырууга аргасыз болдум. Биздин турмуш табият менен тыгыз байланышта тээ
кылымдардан бери жуурулушуп келет. Бирок, акыркы убактарда элибиз байлыкка
азыгырылып пейили бузулду. Биринен экинчиси ашыра бийик кабатуу цемент үйлөрдү
салып жатышат. Ал үйлөрдө жашагандар
күндүн чыкканы менен батканын, куштардын кубулжута үн салганын, таштан ташка
урунуп аккан суунун шарылдаганын жана тоңдургучка салып койгондой муздак болгон
булак сууларынын баарыкын билбей күнүмдүк ачкөз турмуштун тузагына илинип, жасалма жашоонун шарында
шашылып бараткансыйбыз. Муздак дубалдар, түркүн кинону көрсөткөн телевизор
балалык сезимдерди да табияттан ажыратып, булактан, жан-жаныбарлардан алыстатып
бараткансыйт. Деги биз эмне болуп баратабыз? Келечегибиз кайда баратат?
Өз тамырыбыздан ажырап, рухубуз ачка болуп,
табият, байыркылар менен байланышкан алтын учугубуз соолуп, алдыкы илим-билимге умтулганыбыз эле болбосо табият
тартуулаган жашообуздан алыстап баратабыз. Табият багып келген, табият менен киндиктеш өскөн
көчмөн элибиздин уулдары улуу доордун
кыйырында жаратылыштан оолактап калаганын терезеге көз чаптырсаңыз түшүнөсүз. Сөзүм кургак болбосун, Бишкектин
деги эле шаар, район жеринин жашоочулары курчап турган чөйрөңүздөргө бир көз
чаптырып, табиятка кулак төшөп көрүңүздөрчү. Эмнени көрүп, кандай үндү уктуңуздар?
Ары-бери шуулдап өткөн унаалар, алардан чыккан жагымсыз жыт, коомдук
транспортко түшсөң агресивдүү бири-бирин жеп жиберчүүдөй караган адамдар,
эки-экинден орундук талашып базардагы кырылышкан адамдардын үнүн уктум,
каралбай калган белгилүү инсандардын үй музейлери, көчөдө сырткы маданиятты
туураган жарым жылаңач тамеки тартып, арак ичкен кыздар, жаштарга үлгүү болчу
аталардын көчөдө арак ичип жүргөнүн көрдүм. Мындан тышкары баардык жерде толгон-токой таштандылар. Таза суу аккан
арыктын бою, басып бараткан жол, дегеле биз ыйык, таза тута турган жердин баары
таштанды, акыр- чикирге толгон. Мунун баары башка өлкөдөн келген акыр-чикир
эмес, муну сиз, мен, ал ыргытып жатат. Ал аз келгенсип эл башкарып
билермандыкты аркалап чоң орундукта олтургандар таза аба менен камсыз кылчуу
бак дарактарыбызды жолду кеңейтүү шылтоосу менен кесип, кичинекей акчага
токойлорубуздун аянтарын эл тоногондорго сатып, ал тургай лабаратория курууну
көздөп жатышат. Биз бул кебетебиз менен алыска барбай турганыбыз айдан ачык! Келгиле
табият менен тыгыз байланышта жашайлы жана ал байланышты ар ким өзүнөн
баштасын! Урматтуу кыргыз элим таштанды таштаганды токтотолу! (Сүрөттү таштанды
ташталган 2-3 көчөдөн тартып алдым жана андагы таштандыны тазалыктын адамдары
чогултуп кеткиче көчөдө калтырбай аргасыз үйгө алып келип капка салууга аргасыз
болдум) Мен табият менен биргемин! Бул ураандын алдында биригели жана аны
колдойлу! Мени колдогондор эстафетаны улантып кетет деген үмүттөмүн!
#Алгакыргызалга
#Кыргызэлималга
#Жаңымамлекетбашчыныиздейбиз
#Кыргызстандынкелечегинбиргеталкулайлы
#Кыргызымдынкелечегибизбиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3