Бир жыл мурун жоон
ичегимден операция болуп Мамакеевдин ооруканасына жатып калдым. Бир учурда эки
операция болгондуктан он күндөн ашык жатканга туура келди. Мен жаткан палатага Ыссык-Көлдөн келген (45
жашка чыгып калса керек) эже жатты. Ичи ооруп онтолоп турса дагы жылмаю менен
карап кыйналганын билдирбегенге аракет кылып жатты. Ал тааныштан тааныш салып
отуруп мен жаткан бөлүмдүн башкы дарыгерин тааптыр. Бир көргөн адамы менен тил
табышып, кишинин кабагын карап ага жараша мамиле кылган палаталаш эже күлүп
жайнап турган. Хирургуна операция болчу күндү болжоп тактоо үчүн кеткен. 10-15
мүнөт өтпөй кабагын салып палатага кирип келди да телефонун колго алып бирөөдөн
карызга акча сурады. Анысы жок деген окшойт. Айтоор 3-4 кишиге чалды. Эч кимден
акча чыкпаганда 18 жашта тигүүчү болуп иштейт, бизди багат деген кызына чалып
“Мен бул жерден чыгат окшойм. Операциянын акчасын төлөй албайбыз. Сен бошосон
мени чыгарып кет”-деп телефонду өчүрдү. Жөн турбай эжеге суроо узаттым.
-Эже, операциянын баасы
канча болот экен?
-12 миң сомду төлөсөң
эртең операция жасалат деди. Жолдошум алты жыл мурун каза болгон. 7 баламды
жалгыз өзүм тарбиялайм. Кыздарымдын улуусу мектепти бүтөөрү менен тигүүчүлүккө
ишке кирген. Экинчи балам 9-классты бүтүп шаарга машина жуучу жерде иштейт.
Атасынын көзү тирүү болгондо экөө тең эл катары билим алмак эле. Менин
кыйналганымды көрүп кызым акчасын топтоп шаарга алып келген. Алардын тапкан
акчасы мени больницага жаткырганга гана жетет экен. Операциясы өзүнчө акча
экенин билсем дагы мынчалык кымбат деп ойлогон эмесмин. Врач 12 миң сом дейт.
Мен ага ыраазычылык кылып 3 миң берсемби дегем.
-Кызык. Сиз анда ал врачка арыз жазып министрликке
кайрылыңыз. Сизге кандайдыр бир жеңилдик бар болуш керек.
-Жок, мен авысынымды
сатып кете албайм. Мага бул врачты ошол авысыным тапкан.
-Анан эмне кылганы
жатасыз?
-Үйгө кетем. Күзгө чейин
чыдап турсам картошка сатып акча менен келбесем карашапайт экен.
-Азыр операция жазап
турсаң күзүндө ыраазы кылам деп айтпайсызбы. Эң негизгиси сиз ооруканага
төлөнчү акчаны төлөдүңүз да. Туурабы?
-Аны айткан жок
дейсиңби? (башын чайкап) Айтым! Шартымды да түшүндүрдүм. Сендейден бир күндө
беш киши келет. Ар бириңе бекер операция жасай берсем мени ким багат?-деп
койду.Түшүнгөн кишиге ушул сөз жетиштүү!!!
Саламаттыкты сактоо
департаментине же министрликке кайрылуу сунушубузду укпастан чыгып кетти. Ал жолдо баратып жоон ичегиси жарылып
кансырап өлүп калса эмне болот? Артындагы жети баланы ким багат? 18 жана 16
жаштагы балдардын маңдай териси менен тапкан акчасын өз энесинин ден-соолугуна
жумшоого аракет кылгандын ордуна хирургдун тигинтип айткан сөзүнө жиним келди.
Адамдын өмүрүн акчага алмаштырган акмак хирург азыр да иштеп жүрсө керек. Ак
халат кийген дарыгерлер адам өмүрүн сактайм деп ант бересиңерби же акча берсе
ойлонуп көрөм дейсиңерби? Гиппократтын антын берген дарыгерлерге адам өмүрүнөн
да акчаны өйдө койбошун суранам. Акмак врач эртең эле картаят, ошондо ушул
эженин баласына көз каранды болуп калышы мүмкүн! Бул менен мен баардык ак халат
кийиген дарыгерлерди жамандагым келбейт. Арасында адам өмүрүн алып калуу үчүн
жан үрөп, операция үстүндө каза болгон ар бир бейтап менен кошо жүрөгүнүн бир
үлүшү каза болгон дарыгерлер да бар. Аларга таазим. Силерден сураныч араңардагы
силердин ысымыңарды булгаган акмак дарыгерлерди өзүңөр эле тазаласаңар! Министр жана болчокто президент болчу инсанга
саламатыкты сактоо тармагына жакшылап көңүл буруу сунушу менен кайрылам. Бул
окуяны эжем мага айтып, саламаттыкты сактоо департаментинин номерин алып
берүүмдү суранган. Анын өтүнүчүн мен дагы
эл катары болочоктогу президентке кайрылуу иретинде жазып коюну туура көрдүм.
#Алгакыргызалга
#Кыргызэлималга
#Жаңымамлекетбашчыныиздейбиз
#Кыргызстандынкелечегинбиргеталкулайлы
#Кыргызымдынкелечегибизбиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2