ХАЛАТЧАНДАР!
Иним менен келиним жети
жыл мурун баш кошушкан. Көп өтпөй келинибиз кош кат болуп баарыбызды
сүйүндүргөн. Ата-энемдин уулдардан көрө турган биринчи небереси
болгондуктан алардын кубанычында чек жок
эле. Бирок, кубанычыбыз көпкө созулган жок. Келинибиз сасык тумоолоп баласы
боюнан түшүп калды. Гинекологго кайрылса алар бойдон түшкөн соң жатынды толук
тазалабаса уюган кан ириңге айланып дене табын көтөрөөрүн айтышып жатынын толук
тазалап салышкан экен. Ошол күндөн ушул күнгө чейин небере жытына зар болгон
ата-энем, иним менен келиним үйгө келген ымыркайлардын кийимин ырымдап алып
калышат. Атамдын инисинин бир жаштагы
кызын үйгө алып келип коюнуна алып жатышат. Балалуу болуунун аракети менен
көрүнбөгөн дарыгери, эмчи-домчусу калган жок. Кайсы дарыгерге барбасын
гинеколог жатынын толук тазалап салбаганда эмдигиче экини төрөмөк экенсин дешет бир ооздон. Мына ошол гинекологдун
айынан дагы канчалаган уй бүлөөлөр балалуу боло албай жатышат болду экен?
Кагылайын ак халатчан гинеколог айымдар өз ишиңерге кайдыгер карабагылачы!
Баласыз үй мазар дегендей качан барба үйдө киши жашабагандай тынч. Келиним
сыртынан күлгөнү менен ичинен азап чегип жатканы айтпаса дагы жүзүнөн көрүнүп
турат. Экөө ажырашайын десе бири-бирин аябай жакшы көрүшөт. Анын үстүнө
келинибиз дагы жаркылдаган, ар бир кадамында апалап, аталап турган маңдайы
жарык келин. Эми бала багып алсакбы деп документ топтоп жүрүшөт. Дагы жакшы
экөө ажырашпай эле бала багып алабыз деп чечишти. А күнөө сенде экен деп
ажырашып кеткендер канча? Кошунабыздын кызын төрттөн кийин жатынын толук алып
салшкан. Жыйынтыгы күйөөсү бир бала менен
калып калмак белем деп кызын жеткирип салды. 19 жаштагы кыздын жашоосу бузулду.
Баласы тирүүлөй жетим калды. Урматтуу АК ХАЛАТЧАНДАР кайдыгерлигинердин айынан
бактылуу үй бүлөөлөрдү бузуп жатканынарды түшүнгүлөчү! Кайдыгерлик кылбаган
учурда да жакшы билбесеңер билген адиске жөнөткүлө да акчага кызыкпай. Дагы уландысы бар. Тукумсуздук менен алышып
жүрүп көп тагдырларды жолуктурдум. Убактым болсо ар бирине токтолом.
Болочокто президент болчу журт атасы жогорудагы көйгөйгө
өзгөчө көңүл бурса деген сунуш менен кайрылып жатам! Бул жөн гана көйгөй эмес,
улуттун жоголушу, кыргызымдын азайып баратышынан кабар берет! Дени сак эне-дени
сак улут!
#Алгакыргызалга
#Кыргызэлималга
#Жаңымамлекетбашчыныиздейбиз
#Кыргызстандынкелечегинбиргеталкулайлы
#Кыргызымдынкелечегибизбиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9