Бейиш жыргалын толук сыпаттоого жана кыялга да келтирүүгө мүмкүн эмес. Анткени андагы жашоо бул дүйнө жашоо сыяктуу эмес. Бул дүйнө жыргалы канчалык бийик чекке жетпесин, бейиш жыргалынын жанында түккө турбай калат. Бейиш – хадистерде айтылгандай, «Жаркырап турган нур, жыпар жыт аңкыган - миск, бийик сарай, шаркыраган дарыя, дайыма бышып турган мөмө-жемиш, сулуу келбеттүү жубай, өтө көп кийим, түбөлүктүү жашоо».Сахабалар Алланын элчисинен бейиштин курулушу жөнүндө сурашканда, ал мындайча аябай түшүнүктүү кылып сыпаттап берген: «Алтындан жана күмүштөн болгон кирпич, анын ылайы аңкыган миск, анын майда таштары - бермет жана жакут таштар, анын топурагы – шафран. Ким ага кирсе жыргалда болуп, бактысыздыкка учурабайт, ал түбөлүктүү жашайт, өлбөйт, алардын кийимдери эскирбейт, алар жигиттик курагында кала беришет». (Ибн Хибан, 7387). Алла Таала Куранда: «Назар салсаң, ал жерде түгөнгүс нээматарды
жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң» - деп айткан. (Инсан, 20-аят). Мындан сырткары бейиште жашырылып коюлган нерселерди эч ким билбейт. Бул тууралуу Алла Таала: «Эч бир момун жан, жасаган жакшы иштери үчүн өзүнө Бейиште жашыруун даярдап коюлган кубанычтарды билбейт” - деп айткан». (Ахзаб, 17-аят). Пайгамбар минтип айткан: “Алла Таала: Мен момун пенделериме көз көрбөгөн, кулак укпаган, эч кимдин жүрөгүнө да келбеген нерсени даярдадым, эгер кааласаңар “Эч бир (момун) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн өздөрүнө (Бейиште) жашыруун даярдап коюлган кубанычтарды билбейт"-деген аятты окугула деди. (Бухари:3244)
Бейиш гезити
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2