♥♥♥
Сүйүү жана тынчтыкты Алладан башка эч кимден издебе! Себеби, аны башкалардан таппайсың. Адам баласы жүрөгүңдү жаралайт, капа кылат, кайгыртат бирок, алар алсыз жана кемчиликтүү болгондугу үчүн кечирип жибересиң.
"Чын сүйүү-бул Жаратканга жанашуу, калгандары уруш, жаңжал, талашуу" - деген сөз жөн жайдан айтылбагандыгы бышык. Чыныгы сүйүү Аллага гана таандык экендигине көзүң жетмейинче, жалган сүйүүнүн артынан кайгырып, сыздап жүрө бересиң. Жүрөк Алланы эстегенде гана ток болот, тынчтык табат, тынчтанат.
Башкаларды Алла Таала үчүн жакшы көр, өзүңдүн же башка бирөөнүн кызыкчылыгын көздөбө.
"Алла Таала үчүн бири-бирин жакшы көргөн пенделер, кыямат күнүндө Алланын Аршынын көлөкөсүндө болот" - деп Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам сүйүнчүлөгөн. Ким Алланы ыраазы кылса, Алла Таала да ал пендени сөзсүз ыраазы кылат.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4