Бирок баш тарткандар киришпейт”. Ошол убакта “О Аллахтын элчиси, баш тартуучу ким?” – деп айтылды. Ал мындай деди: “Ким мага моюн сунса бейишке кирет, ал эми ким мага моюн сунбаса чындыгында ал баш тартты”. (имам аль-Бухарий риваяты).
Хадистен алынган сабактар:
1-Аллах Таала пенделерине ырайымдуу. Ал Пайгамбарга (солла Аллаху алейхи ва саллам) моюн сунган пенделеринин баарын бейишке киргизет.
2-Пайгамбар (солла Аллаху алейхи ва саллам) Аллах Тааланын өкүмүн жеткирүүчү. Бул хадисте Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) Аллах Таала кимди бейишке киргизээрин жана кимди бейишке киргизбээрин кабар берди.
3-Кимде-ким Пайгамбарыбызга (солла Аллаху алейхи ва саллам) моюн сунбаган болсо, ал Аллахтын ага болгон ырайымын четке каккан болот.
4-Аллахка жана Анын элчисине моюн сунбоо тозокко алып барат.
5-Пенденин бул дүйнөдөгү жана ахиреттеги бактылуулугу Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) жолун кармануу менен болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2