Сүйүктүү жар болуунун сырларын билгиңиз келеби?
МЫРЗАЛАР СӨЗСҮЗ ОКУШУ КЕРЕК...
1. Жубайыңыз үчүн жагымдуу кийиниңиз.
Адатта, мырзалардын келбетке кароо, жасануусу десе жат нерсе катары кабыл алгандар бар. Өмүрлүк жарыңыздын алдында жагымдуу, сулуу көрүнүү сүйүүнү арттырып, урматты күчөтөт. Мырзанын жасануусу таза жана жарашыктуу, тыкан кийим, сакалын иреттүү кароо, ага кам көрүү, ошондой эле жагымдуу миск, атырларды себинүү менен чектелет. Эсиңиздеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) жагымдуу жытты абдан жакшы көрчү. Жагымсыз жыттан периште да ыза тартарын эскерткен эле. Жагымсыз жыт менен мечитке кирүүгө да тыюу салган. Дене-бойго көңүл буруу, тазалык, кийимдин адепке ылайык, жагымдуу болушун, башкаларды иренжитпөөнү айтып, өз мисалында да көрсөткөн. Демек, жагымдуу жыт, жагымдуу кийинүү, өзүн жагымдуу алып жүрүү сизди Пайгамбар менен байланышытырып, сүннөтүн аткаруу экендигин унутпаңыз. Үммөт бир гана Пайгамбардан, анын жолун бекем кармагандардан үлгү алат. Ар бир абалыбызда алардын жашоосуна кайрылабыз. Аларды ээрчүү менен гана эки дүйнөнүн жакшылыгын табабыз.
Жубайыңыздын чоочун эркектерге сулууланганын жактырбагандай эле, сиз дагы башка аялдар үчүн эмес, Аллах алдында, Пайгамбар сүннөтүндө курулган ак никелүү жарыңыздын алдында ар качан сулуу, жагымдуу болуңуз. Сиз келинчегиңизди сулуу, жагымдуу көргүңүз келеби? Караңызчы, ал дагы өмүр шеригин сиз эңсегендей эле көргүсү келет....
Эстеп көрүңүзчү, акыркы жолу качан келинчегинизге жагынуу ниетинде жасандыңыз эле?
2. Өмүрлүк жубайыңызды эркелете чакырыныз
Келинчегиңизге эң жакшы сөз, эркелетүү менен кайрылыңыз. Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи ва саллам) жубайларына жаккан жагымдуу ысым менен кайрылган. Мүмкүн, анын жакшы сапатынан айтып чакырасыз, же сиз үчүн маанилүү болгон сөздү айтасыз. Мисалы, “Сүйүктүүм, жан шеригим, балдарымдын апасы, берекем...” деген сыяктуу ысымдар жубайыңыздын көңүлүн көтөрөт, сизге өтө жакындатат. “Жакшы сөз жан эргитет”, Жылуу сүйлөсөң, жылан ийининен чыгат” деген кептер бекеринен айтылган эмес. Бирок, ар кандай ысым менен чакырууда жалганга, күнөөгө жол берген жана жубайыңыздын көңүлүн ооруткан сөздөрдү атоодон алыс болуңуз...
3. Жакшылыкты баалай билүү сизден көз каранды
Жубайыңыздын оңой эмес иш аткарып жатканын ар качан эстеп турушуңуз керек. Анын түйшүгүн сезе билиңиз. Ар качан анын ою менен эсептешиңиз, уга билиңиз. Билесизби, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) бардык маселеде өзү гана чечип коюуга күчү, акылы жете турган болсо да аялдары менен кеңешип, алардын пикирин угуп, туура эмес айтса аны оңдоп, кеңешүүнүн эң эле сонун үлгүсүн көрсөткөн. Ошондой эле, жарыңыздын ар бир мээнет-кызматын баалап, жасаган ишинин жакшы жагын айтып туруудан чарчабаңыз. Кемчиликти көрүү өтө жеңил, бирок кемчиликтен кемелдикти көрө билүү кандай кеменгердик! Сиздин урпакты улап, сиздин кабагыңызды карап, сиздин жакаңызды агартып, сиздин камыңызда жүргөн, сизге башын байлап, сизге өмүрүн арнаган жарыңыздан башка жакын адам барбы? Ушундай адамдын жакшы жагын издөө, ага жакшы сөз айтуу оор деле болбосо керек...
Сизди үйдөн узаткандан тартып, сиздин келишиңизди күтүп, сизге аш камдап, сиздин балдарыңыздын камын көрүп, бар болгонун сизге арнап отурган жарыңыз сиздин келишиңиз менен жакшы сөз уккусу келет. Кылган аракеттеринин кандайдыр бир деңгээлде сиз тараптан бааланышын күтөт. Сизден башканын жакшы сөзү ага маанилүү эмес...
4. Кемчиликтерди көрүүдө да кемчилик кетирбөө керек...
Пенде кемчиликтүү экенин эске алганда, кемчиликтерин түшүнүү менен кабыл алууга туура келет. Кемчиликтер санала берсе, айтыла берсе үй-бүлөдө тынчтык болбосу турган кеп. Кемчиликти көрүү башка - аны айтуу, оңдоо башка. Кемчиликти оңдоонун жолу даанышмандык менен ишке ашканы коломтонун сакталышына өбөлгө болот. Эстеп көрсөңүз, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аялдарынын кемчиликтерин сөөмөй менен кезеп көрсөткөн эмес, дегеним кемчиликтерге асылып калган эмес. Ал даанышман сөзү, кыйытып, кыйгап эскерткен. Чынында, даанышман күйөөлөрдөн аял өзү эле жазганып турат. Туура сүйлөөгө, туура иш кылууга аракет кылып турат. Ал эми кемчиликтерди айтып, айып чукуганды жакшы көргөн күйөөлөргө аялдан урмат жок. “Ал баары бир ушундай” деген үмүтсүздүк менен мамиле кылып калат. Кемчиликти көрүүдө да кемчилик кетирбөө мусулмандын эң бийик сыпаты.
Эгер, жубайыңыздан кемчилик көргөндө сабыр кылып, кептин кезеги келгенде жай түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Балким, ошол кемчиликти өзүңүздүн адепте көрсөтүңүз.
5. Жубайынызга жылмайуу менен караныз:
Өмүрлүк жарыңызды жылмая караңыз. Сиздин жылмаюуңуздан сүйүүңүздү сезип, жүрөктөн кубансын, урматы артсын. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи саллам) мечитке кетип баратып да жубайларынын бетинен өөп коштошчу(орозо учурунда да)... Бул сүннөттү улай, сиз дагы бир жакка баратканыңызда жубайыңызды жылуу кучактап, жүзүнөн сүйүп туруңуз.
6. Рахмат айтыныз:
Келинчегиңиздин бардык кылгандарына ыраазычылык билдириңиз. Өмүр шеригиңиз гана сизге ушундай кызмат кыла аларын, андан башкаларадан мынчалык күтпөгөнүңүздү айтып ыраазы болгонуңузду билдирип турсаңыз, анын сизге болгон берилүүсүн арттырасыз. Стимул бересиз. Ал сизди кубантып, көңүлүңүздү табайын деп аракет кылып калат. А эгер ал даярдаган тамак ушунчалык аракет кылып бирок кандайдыр себептер менен тузу кем, же ачуу болуп кетсе, муну чоң урушка айлантпаңыз. Мурдагы даамдуу даярдаган тамактарын эстеңиз, дагы ошондой даамдуу, сиздин көңүлдөгүдөй аш камдаларын күтүңүз.. Бул эми бергенин жеп, унчукпай отура бериңиз деген сөз эмес. Жакшылык менен жеткирүүнүн жолдорун ойлонууңуз дегендик....
7. Маанайын көтөрүңүз:
Сиз мезгил-мезгили менен жубайыңызды кубандырган, бакытка бөлөгөн эң аз дегенде 10 нерсени айтуусун сураныңыз. Жарыңызды бактылуу кылган учурларды билип алган соң, ошол 10 нерсени кайра кайталап аткарып көрүңүз. Бул сиздин “аялыма эмне жагат, кантип бактылуу кылам?” деп санаага батпашыңыз үчүн өтө зарыл ыкма. Ошол эле учурда, жубайыңыздын каш-кабагын кара ден соолугун сурап туруңуз. Балким, ал сизди аяп ооруган жерин жашырып жүрөт. Каш-кабагын кароо таптакыр эле аялдын көзү менен тең айланып алуу дегендик эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) да аялдарынын ортосундагы ынтымакты ушунтип сактаган эмеспи. Ар бири ага зарыл, маанилүү экенин сездирген. Эсиңиздеби, Аиша(радиаллаху анха) энебиздин Алланын Элчисинен (саллаллаху алейхи ва саллам) өзүнө болгон сезиминбилгиси келгенин байкаган Пайгамбар “Сага болгон сүйүүм жиптин чие байланган түйүнүндөй”, деп өмүр шеригинин жүрөгүн кубантса, кийин дагы сураганында “баягы биринчи күндөгүдөй” деп жүрөгүн тынчтанткан. Аиша(радиаллаху анха) энебиз ар качан ошол түйүндүн кандай экенин гана сурап турган...
Караңыз, жубайыңыз сизден жылуу мамиле, жылуу сөз, сүйүүнү гана күтөт. Башкалардан сизден күткөнчөлүк күтпөсүн унутпаңыз...
8. Көңүлүн алыңыз:
Жубайыңыздын арзууларын көңүлгө түйүңүз. Кээде эркектер жубайларынын каалоолорун четке кагып коёт. Бирок, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аялдарынын арзууларын уга билген жана шарият чегинде түшүндүрүп, чечип берген. Бир куну сапарда Сафия (радиаллаху анха) энебиз өтө жай баскан төөгө минип келе жатып, капаланып ыйлайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Сафия (радиаллаху анха) энебиздин жаштарын аарчып, сооротуп, анан тоосун жетелеп сапарын улайт. Бизге бул куру обу жоктук болушу мүмкүн, бирок Аллах Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүр жарынын көңүлүн, каалоосун бийик кабыл алып даанышмандык менен чече билген.
9. Шайыр болуңуз:
Үйгө келгеңизде жумуштагы болгон маселеңиз, же досторуңуз менен болгон көйгөйлөр болобу, баарын унутуп, кабагыңызды ачыңыз. Эсиңиздеби, пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Айша(радиаллаху анха) энебиз менен чөлдө кубалашып ойногон окуя бар эмеспи? Улуу адам аялдын көңүлүн ушинтип карап атса, биз өзүбүздүн теңибиз болгон жарыбыз менен эмнеге анте албайбыз? Баса, сиз акыркы жолу качан ушинтип жубайыңыз менен ойнодуңуз эле?
10. Эң мыкты болгону аракет жасаныз:
Ар дайым Пайгамбарыбыздын(САВ):"Силердин эң мыктыңар, үй-бүлөсүнө эң мыкты карагандар. Мен силердин араңардан үй-бүлөм үчүн мыктымын " дегенин эстейличи. Үй бүлө куруу чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ал эми бул жөнөкөй кеңештерди колдонуу үй бүлө менен бакыт тапканга жардам
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4