8-бөлүм
-Ушу жашка келип,СМС менен талак берди дегенди укпаптырмын.Замандын жетишкендигин кара,тиги ,,бечара,, альфонстун жүгүн жеңилдетип,оозун ачтырып,жаптырып убара кылбай,оозунун желин коротпой,манжа менен гана ишти бүтүрдү.
-Ушул сөздүн мааниси мынчалык жаман экенин бүгүн сездим.Мага окшогон канчалаган ишенчээк аялдар алданып,бир гана ,,талак,, деген сөз менен турмушу бузулуп,жашоодо ара бөк калып жатышты экен.
-Ооба.Жолуктурасың,таанышасың,сүйөсүң,турмуш курасың,келечекке чогуу максат коёсуң,жан дүйнөңдү,дилиңди ошол адамга арнайсың.Анан эле бир күнү ,,Талак,, деген сөз баарын бузуп,кыйратып,учуруп кетет.Же үйдөн жок,же күйөөдөн жок.
-,,Талакты,, берип коюп,алчу нерсенин баарын алып коюп,кийинки курмандыкты издеп жөнөшөт.Улам бир кызды төрөтүп ,талак берип коюп....Ушул сөздү айткан эркектин оозун кара жама жесин.Кыздар мендей болбой акылдуу болушса экен.
Сүйлөшүп жатып,жумуштун аягына чыгышты.
Электричкада келатканда Кален оюн ортого салды:
-Фейсбукта бир юрист бар.Кыргызстанда.Өзүнүн иши тууралуу дайым постторду чыгарып турат.Окуганыма караганда көп эле алданып калган адамдарга жардам берип жүрөт.Өндүрө албаган алсаларды өндүрүп берет экен.Ошол киши менен байланышып көрбөйлүбү.
-Өзүбүз биякта жүрсөк,жардам береби же бербей коёбу
-Жеке баракчасына чыгалы.Сурап көрөлү.,,Чапаныбызды чечип алат беле,,деп Кален чүйрүйүп,күлдүрдү койду.Экөө жыргап күлүп калышты.
Үйгө келип,тамагын ичип, жайланышып отурганда Кален баягы юристтин ФБдагы баракчасын ачты.Экөө барактап,көз жүгүртүштү.Чынында эле көп адамдарга жардам берген экен.Жеке куржунуна кат жөнөтүштү
,,Саламатсызбы Айтбек Акунович.Биз сизге Санкт-Петерберг шаарынан жазып жаттык эле.Зарыл ишибиз бар эле.Юрист катары кызмат көрсөтө аласызбы?,,
Жооп күтүп,жарым сааттай отурушту.Тиги киши катты ачпады.Ошону менен жатып калышты.Эртесинде дем алыш эле.Жамила жумушка кеткен соң,Асыл менен Кален онго чейин укташты.
Уйкудан ойгонуп эле телефонду карады,Асыл.Жооп жок.Таңкы тамакты ичип алып,азык-түлүк алганы дүкөнгө барышты.Дагы майда-барат иштерин бүтүрүп түш оой үйлөрүнө келишти.Кечке жуук гана юристтен жооп келди .
-Албетте.Юридикалык кызмат көрсөтөм . Адегенде таанышып алсак.Менин атымды билет экенсиз.Сиз тууралуу билсем болобу?Ватсап номерине жазыңызчы,оңоюраак болот.
Эми ватсаппта сүйлөшүп башташты
-Атым Асыл,фамилиям Сулайманова.
-Эмне суроо менен кайрылып жатасыз? Кален менен,Асыл акылдашып,жазып жатышты.
-Бул жакта граждандык никеде бир адам менен алты жыл жашагам.Чогуу үй салганбыз.Менин наамыма миллион кредит алдырган,андан тышкары беш жүз миң акча которгом.Ошону менен Кыргызстанга кетип,үйлөнүп алды
-Кредитти кандай максатка алдыңар эле .
-Үйдүн кем карчын бүтүрүүгө.
-Аны ал кишиге бергениңизди кантип далилдей аласыз.
-Далилдей албайм...бирок...акыркы жолу смс аркылуу сүйлөшүүбүз бар эле,ошону салайын, көрүңүзчү.Асыл баягы Кален сактап койгон скриншотторду салды.
(Уландысы бар)
Айгүл Усупова
#талак_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 64