3-болум
Күндөр өтө берди.Асыл менен Жамила жумушка барып,келип,иштеп жатышты.Үйгө келсе,коңултуктап,Маликтин жогу даана сезилет Асылга.Экөөнүн бирге өткөргөн жылдарын эстеп,өзгөчө анын ,,берекем,, деген сөзүн сагынчу болду.Мурда күндө чалып турчу Малик ,кийинчерээк чанда чалат,,Жумуштарын бүтүрө албай,чарчап жүрөт,, деп өзүн-өзү жооткотот Асыл.Маликтин кайтаар күнү жакындаган сайын,эмнегедир чалуулар такыр токтоду.Ушунча жыл бирге жашап,Асыл Маликке эч качан өзү телефон чалып көрбөптүр.Бул эмнеси,же бирдеме болдубу,ооруп калбады бекен...оюна ар нерсе келет.Акыркы жолу бир жума мурун сүйлөшүшкөн.
-Жамиланын уктоочу бөлмөсү экинчи кабатта,биздики биринчи кабатта болот.Дарбаза тандайын деп чыктым.Сени менен акылдашайын дегем,кандайын алайын?
-Өзүңө жакканын ала бер,сага жакса,мага да жагат,мен жумушка бара жатам...деген таризде кеп болгон
Чыгынып,кечинде,жумуштан келгенде,Маликке телефон чалды.Телефон өчүк.Чарчап келип,уктап калса керек деп ойлоду.Эртеси түшкө маал чалса, дагы эле өчүк.Үч күн катары менен чалды,өчүк.Келээр күнүнөн өтүп кетсе да,Маликтин бир кабары жок.Эмне кыларын билбей калды.Бир жамандык болсо керек,азыр интернетте толуп жүрөт го,бирөөлөр уруп коюп,өзүнүн ким экенин биле албай,акыл-эссиз,жада калса өзүнүн аты ким экенин унутуп калган адамдар.Же,өткөндө үйдүн тегерегинде жүргөн мастарды кубалап жибердим деди эле,балким,ошолор кек сактап,киши колдуу болуп,эч ким көрбөй,бир жерде жатабы.Балким..балким...балкимдерден башы ооруп кетти.Түмөн ойдун түбүнө жете турган эмес.Илең-салаң,кунарсыз күндөр өтө берди.Бүгүн Маликтин кайтып келем дегенинен бир ай өтүп кетти.Издеп,Кыргызстанга барайын десе,дарегин билбейт.Түштүктүн бир айылын айтып жүрчү.Эми,ал айылга барайын десе,мурда-кийин барып көргөн эмес.Малик бардык нерсени тамдын бүтөрүнө такай берген.,,Там бүтсө,Кыргызстанга барсак,сени үйгө алып барам,апам жоолугун салат,тегерекке кичинекей той кылабыз.Кийин сенин ата-энеңдин алдынан өтсөк,анан келип,өз үйүбүзгө,өлөң төшөгүбүзгө жашообузду баштайбыз..
Бишкектеги тамды деле борборго жакын жерге салып жатканын билет,бирок,так дареги жок.Ушунча да маңыроо боломбу,жок дегенде көчөсүн,үй номерин сурап койсом болбойт беле.Баса, так дарегин билген күндө да,миллион кредит менен Асылды чек арадан өткөрбөйт,колу-буту тушалуу....Түңүлбөй күн сайын Маликтин номерине бир маал чалат,мына бүгүн телефонун көтөрөт,,берекем,, деп,сөзүн баштайт деп,үмүткө жетеленет.,,Абонент не доступен,, деген муздак жоопту угат.
Эмнегедир,демейде кирбеген инстаграммды максатсыз барактап отурган.Бактылуу жүздөр,бири бийлеп жатат,бири ырдап жатат,бири круизде жүргөн сүрөттөрүн салыптыр,бири там-туң баскан баласын,бири үйлөнүү тоюндагы сүрөтүн.....саат.....тааныш саат....кайдан көрдү эле,кайра артка жылдырды.Апаппак той көйнөгүн кийген келинчектин моюнуна арта салынган колдо тагынган саат көзүнө абдан тааныш учурады.Келинчек гана чоң план менен тартылып, жүзүндө бактылуу жылмаюу бар.Ал эми сааттын ээсинин колу гана көрүнүп турат.Экранды чоңойтуп,саатты жакындан карады.Эми саатты гана эмес,чыпалак туштагы калды да тааныды.Шашкалактап,беш сүрөт бар экен,анын баарын барактай баштады. Мына, Малик тепкичтен келинчекти аярлап,колунан сүйөп түшүрүүдө,ал дагы өзүнө жарашыктуу боз түстөгү костюмчан....келинчектин гүл ыргыткан учуру....эл ортосунда түгөйлөрдүн вальсы....акыркы сүрөттө Малик апакай тиштерин кашкайтып,күлүп турат....жазуусун окуду: Малик акам канча жылдан бери Россияда иштеп, хан сарайдай там салды,периштедей келинчек алды,бактылуу болсун....Көргөн көзүнө ишенбеди,шалдайып отуруп калды.
(Уландысы бар)
Айгүл Усупова.
#талак_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 33
Малик акмак бул байкушту пайдаланганын эркек башы менен