Туулганың чын болсо, өлөрүң да чын, жашоонун мыйзамы ушундай, жашоо менен эрте тил табышып үйрөн. Өлүм менен оорунун алдында баарынын тизе бүгөр убактысы болот. Акча төлөп өмүрүңдү сактай албайсың.
Эң жакын адамдарың да качан экени белгисиз бирок бир күнү бул дүйнөнү таштап кетет. Жетишип мээрим, сүйүү төк, ошол мээримди, сүйүүнү сездир, аларды кечирип үйрөн!
Байлык, дөөлөт адамга керек, бирок алар адамды эч качан ыраазы кылып, бактылуу кыла албайт. Бул жашоодо тапканыңдын баары бул жашоодо калат.
Бакытты издеп, ага чыр-пыр болуп умтулуу аркылуу эч качан бакыт кууп жете албайсың. Жашоонун жакшылыгына куштар болуу ар бир адамдын калоосу экендиги чындык, бирок жакшы жашоонун маңызы – карапайым жашоо, жөнөкөй мамиле жана жүрөктөгү жылуулук.
Убактыңды көбүрөк бирге өткөзүү акча бергениңден да кымбат. Бирөө менен өзүңдүн өмүрүң менен убактыңды бөлүшү башкаларга сыйлык гана эмес, сен үчүн чоң эстелик болуп калат.
Баарына жагууга аракет кылган сайын, өзүңдүн чыныгы калыбыңды аз аздан жогото баштайсың. Өзүңдү баала, өзүңө чынчыл бол, өз көз карашыңда, өз сөзүңдө тура бил.
Жашоодо калыстык жок, бирок баары бир аны кабыл алышың керек. Айрыласың, утасың, азап чеккен убакыт да келет, бактылуу болгон убакыт да келет. Деген менен, бул жашоодо кыйындык көргөн адам жалгыз сен эмессиң, ар ким өз азабын тартып, өзү кыялданган бакыт үчүн күрөшүп да жүрүшөт. Өзүңдү жоготуп, адал жолдон тайып, караңгылыктын туңгуюугуна кулатып алба. Абайла!
Бул дүйнөдө сага эч ким карыз эмес, өзүңүн бактысыздыгына башка бирөөнү күнөөлө - бул өзүн-өзү аягандын эң шордуу түрү.
Бирөө үчүн төрөп, бирөө үчүн жашабагандыктан, сен өзүң аракет кылып тырышпасаң, мүмкүнчүлүк сага асмандан түшпөйт. Жашоодогу таланттуу адамдан көрө көп нерсе жасагысы келген чечкиндүү адам гана жашоодогу максаттарына жете алат.
Тер төккөн эмгек менен ичтен чыкан дем-күч болбосо кез-келген талант кайралбаган бычакка окшоп мизи мокоп калат.
Жашоодо өткөн чак жок, бир гана азыркы убакыт гана бар. Өткөн убактарды эстеликтерде, болочок убагыңды кыялыңда жайгаштыр. Эгер дагы ушул эки убак менен жашап жаткан болсоң, анда азыр болуп жаткан жашооңдун маанилүү учурларын сезе албай каласың.
Сенин кандай кыйналганың эч кимди кызыктырбайт, ал кыйынчылыктарды жеңип, өмүрлүк окуянды жасасаң гана адамдар сага көңүл бура баштайт. Жабырлануучу эмес, жеңүүчү бол.
Сөздөр ойлордон да маанилүү жана күчтүү. Башкаларды кемсинтпей, дем берип өмүр сүрсөң гана жашоодо калыптанган адам боло аласың.
Эмне болгону маанилүү эмес, кээде сенин кандай аракет кылганың маанилүү. Туура натыйжа алуу дегенибиз туура көз караштан башталат.
Узак жана бактылуу жашоо туура карым-катынаш жана туура сүйүүдөн башталат. Жашоодо тапкан кирешеңе караганда үй-бүлөнүн бакубаттыгы маанилүү.
Ырахат тез өтөт, ошондуктан жан дүйнө тынчтыгын изде. Өмүрүңдү сүйүү менен ишенимге жана башкалардын ийгилигине арноо, сени кичине болсо дагы бактылуу кылат.
Убакыт жана ден соолук жашоодогу эң негизги баалуулуктар. Экөө эки башка түшүнүк болгону менен, бири-бири менен тыгыз байланышта. Ден соолук болбосо убакыт да болбойт. Ден соолук дегенибиз жашоонун негизги маңызы, ошондуктан өзүңө кам көр жана калган өмүрүңдү кандай өткөзөсүң эмнеге жумшайсың туура пландай бил.
Акырында, бул жашоодо сен чыныгы өз сапарыңды баштай турган болосуң.
Андыктан ИЗИНДИ калтыр, УРПАГЫҢДЫ калтыр, ТАРЫХЫҢДЫ жаса. Башкалардын жашоосунун ОКУРМАНЫ эмес, өз жашооңдун ЖАЗУУЧУСУ бол!
...Жашоодо себепсиз эле бактылуу болуунун жолдору көп, мисалы позитивдүү болуу, ыраазычылык билдирүү, күлүү, ишеним артуу, жаңы нерселерди үйрөнүү, мага окшогон бирөөнү сүйүү...)))... дегендей.))
Шаа Бейбарс
#жонганакарапайымбололук_элдик
Комментарии 1
АВТОРГО РАХМАТ.